super.kg logo

Бишкекте Индиянын классикалык музыкасы жана бийи көрсөтүлдү

 
Катышуучулар Индиянын классикалык музыкасын угуп отуруп, медитация жасашты.
Индия окутуу борбору 2014-жылы ачылган.
Окутуу борборунда англис тилин жана Индия бийин үйрөнүүгө болот.
Уюштуруучулар музыкалык аспаптын коштоосунда ноталарды айтып, ырларга колдорун көтөрүп бийлеп жатышты.
Катышуучулардын көбүнчөсү улуу курактагы аялдар болду.
Бийчи Наталья Кочетова катхак стилинде бийлеп жаткан учур.
Сари кийген кыз-келиндердин кубанганын көрүүгө болот.
Уюштуруучулар каалоочулардын колдоруна хна менен түрдүү сүрөттөрдү тартып беришти.

Индия музыкасы жана бийи дегенде баары Болливуд кинолорун, шаңдуу музыка, сари кийип бийлеген кыздар тобун элестетери бышык. Бүгүн Улуттук китепканадагы Индия окутуу борборуна биринчи ирет келип жаткандар да таң калганын жашырышкан жок. Анткени концертте индиялыктар дээрлик жок болду, жай музыка, катышуучулардын баары бут кийимин чечип отурушту. Чогулгандар Индиянын маданиятына кызыккандар эле.

Бүгүн, 8-августта Кыргыз мамлекетиндеги Ыйман, адеп, маданият жылы жана Индиянын эгемендүүлүгүнүн 70 жылдыгына карата Улуттук китепканада чакан концерттик программа тартууланып, Индиянын классикалык музыкасы жана бийи көрсөтүлдү. Ошону менен бирге катышуучулар медитация жасашты.

Уюштуруучулардын бири Айнура Токтоболотова медитация өзүнө эле эмес, үй-бүлөсүнө да жакшы таасир бергенин айтат.

"Бул жакка келгендердин арасында жаш балдар да, чоңдор да бар. Көпчүлүгү дартка чалдыкканда издешет. Анткени дарыгерлер диагноз коё албай калган учурлар болот. Медитация биринчи иретте жүрөктү тазалайт. Өзүм тууралуу айтсам, үйдө көп көйгөйлөр болуп жатты. Туугандарыбыз сыркоолоп калып жатышты. Медицина ооруп калганда жардам берет, бирок ички дүйнөнү тазалоодо медитациянын ролу чоң. Мисалы, намаз окуп жатканда мусулмандар медитация жасагандай болот. Анда адамдын өзү да, ою да бир жерде болуп Кудай менен түз байланышта болушат эмеспи. Ырлар, бийлер, ички дүйнөңө тынчтык алып келет. Каякта иштегениң маанилүү эмес, жолуң ачылат", - дейт Токтоболотова.

Индия окутуу борборуна келип бийлеп жүргөн Ксения Романова дал ушундай саамалыктар Каракол, Балыкчы, Ош, Жалал-Абад, Кара-Балта, Талас шаарларында өткөрүлүп жатканын айтты. "Башкы максат элди Индиянын маданияты менен тааныштыруу. Медитациянын пайдалуу экенин жеткирүү. Бул сөздөн коркпош керек. Йогада качан, анан кайда деген нерсе жок. Анда азыр, анан ушул жерде деген нерсе бар", - дейт ал.

Иш-чарада Орусиядан келген музыканттар обондордун жана инструменттердин жаралуу тарыхы тууралуу айтып берсе, бийчи Наталья Кочетова катхак стилинде бийледи. Катышуучулар медитация жасап, сари кийип, Индиянын улуттук тамагынан даам татышты. Соңунда уюштуруучулар келген көрүүчүлөрдүн колдоруна хна менен түрдүү сүрөттөрдү тартып беришти.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 1 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: