Кыргыз чек ара кызматы тажик аскерлери машыгууну өздөрүнүн аймагында өткөрө турганын билдирди
Кыргыз чек ара кызматы тажик аскерлери машыгууну өздөрүнүн аймагында өткөрө турганын бүгүн, 8-августта SUPER.KG порталына билдирди.
Маалыматка ылайык, аскердик машыгуу Кыргыз мамлекети менен Тажикстандын чек арасында, бирок алардын аймагында өтөт. Тажикстан машыгуу өтө тургандыгы боюнча билдирме жөнөткөн.
“Өздөрүнүн аймагында өтүп жатканда уруксат сурашпайт, жөн эле билдирме жиберишет. Биздин өлкө дагы машыгууну башка өлкөнүн чек арасына жакын өткөрө турган болсо уруксат сурабай, билдирме жөнөтөт”, - деп айтылат маалыматта.
Тажикстандын аскерлери ушул айдын экинчи жарымында Кыргыз мамлекетинин чек арасында ири аскердик машыгуусун өткөрө турганын Тажикстандын Коргоо министрлигинин басма сөз кызматы билдирген.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
22:57
2025-07-15

Рейтинг:
0

Комментарийлер(1)
vavilon.

08.08.2017. 16:21
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Мен ошентип эле тушунгом. "Кыргызстан Озбекстан чек арасында" десе коптору Кыргызстан мн Озбекстандын аймагына кирип алгансып тушунуптур. Ал дегени Олко чек арасына жакын жерде дегени эмеспи.
1 |
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.