super.kg logo
  Саясат  

Алмазбек Атамбаев Эл аралык валюта фондунун директор-тескөөчүсүнүн орун басарын кабыл алды

 

Бүгүн, 21-майда, президент Алмазбек Атамбаев Эл аралык валюта фондунун директор-тескөөчүсүнүн орун басары Мин Жуну кабыл алды. Жолугушууда Кыргызстандын Эл аралык валюта фонду менен өз ара аракетинин негизги өңүттөрү талкууга алынды.

Сиздер улуттук валютабыздын мааракеси майрамдалып жатканда келгениңиздер төлгөлүү болду. Анткени улуттук валютабызды киргизүү менен биз көз карандысыздыкка карай башкы кадамдарды таштаганбыз. Ал мезгилде Кыргызстанга көмөк көрсөтүү үчүн фонд тарабынан кандай көп нерселер жасалгандыгын биз унуткан жокпуз,- деп белгиледи мамлекет башчы. Ал эми аталган фонддун өкүлү “Биз Кыргызстан ийгиликтүү өткөн Эл аралык конференциянын кошо уюштуруучусу болгондугуна ыраазыбыз. Анда эл аралык каржы институттарынын өкүлдөрү катышты жана регионду өнүктүрүү келечектери талкууланды. Форумда Кыргызстанда элдин жакшы жашоосу үчүн өлкөнү күчтүү кылуу потенциалы бар деген башкы тыянак чыгарылды”, - деп баса белгиледи. 






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: