super.kg logo

"ЭЛДИК КАБАРга" жооп: Жалал-Абад ШИИБинин Патрулдук милиция бөлүмүнүн алдындагы эскирген мамлекеттик желек алмаштырылды

 

Жалал-Абад ШИИБинин Патрулдук милиция бөлүмүнүн алдындагы эскирген мамлекеттик желек алмаштырылды. Бул туурасында SUPER.KG порталына бүгүн, 8-августта Жалал-Абад ОИИБинин басма сөз кызматынан Самара Кыдырова билдирди.

"Патрулдук милиция бөлүмүнүн имаратынын алдындагы мамлекеттик желек өткөн жуманын аягында жаан жаап, катуу шамал болгондо четтери айрылып калыптыр. Биз аны жаандын эртеси эле алмаштырганбыз. Шаардын тургуну аны сүрөткө тартып алып жарыялабаса деле ал жерде иштегендердин жок дегенде бирөө көрүп алмаштырып коймок да", - деди Кыдырова.

Эскерте кетсек, кечээ, 7-августта жергиликтүү окурман SUPER.KG порталына WhatsApp аркылуу "Жалал-Абад шаарынын Патрулдук милиция бөлүмүнүн маңдайында мамлекеттик желектин чети чубалжыйт, өңү да өчүп бара жатыптыр", - деген билдирүүсүн калтырган болчу.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(1)
08.08.2017. 19:05 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
эл айтпаса оздору корушпойт. айтып койсон биз озубуз деле алмаштырайын деп жатканбыз карочи ошого окшогон шылттолор.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: