Бишкектеги жол кырсыгынан жаракат алгандардын бири ооруканага жаткырылды

Бүгүн, 8-августта Бишкектин Шералиев жана Масалиев (Түштүк магистраль) көчөлөрүнүн кесилишинде Мерседес Спринтер менен Фольксваген Транспортер унааларынын катышуусундагы жол кырсыгынан 19 жаштагы кыз каза болуп, 20 киши жаракат алганы кабарланган.
Саламаттыкты сактоо министрлигинин маалымат кызматы жаракат алгандардын саны 11 экенин SUPER.KG'ге кабарлады. Маалым болгондой, алардын ичинен 2001-жылы туулган кыз Бишкек шаардык травматология жана ортопедия илимий изилдөө борборуна жаткырылды. Анын баш мээси чайкалып, омурткасы жабыркаган. Калгандары дарыгерлердин көзөмөлүнөн кийин үйлөрүнө жиберилди.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
11:08
2025-07-16
9:20
2025-07-16

22:57
2025-07-15

Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.