super.kg logo
  Саясат  

БШКнын эки мүчөсү Текебаевди тил сынагына киргизүү боюнча Жогорку Кеңештин төрагасына кайрылышты

 

БШКнын эки мүчөсү Атыр Абдрахматова менен Гүлнара Журабаева президенттикке талапкер Өмүрбек Текебаевди мамлекеттик тил сынагына киргизүү боюнча Жогорку Кеңештин төрагасы Чыныбай Турсунбековго кайрылуу жолдошту. Бул тууралуу бүгүн, 8-августта SUPER.KG порталына Атыр Абдрахматова билдирди. Алар спикерден бул маселе боюнча фракция лидерлери менен талкуулоону өтүнгөн.

Эске салсак, кечээ, 7-августта отурумда БШКнын 4 мүчөсү аталган маселени күн тартибине киргизүүнү сунуштап, бирок калган 7 мүчө каршы болгондуктан киргизилбей калган. Мамлекеттик тил боюнча улуттук комиссиянын тизмеси боюнча Текебаев 26-июлда кыргыз тили боюнча сынакка катышуусу керек болчу. 25-июлда Бишкектин Биринчи Май райондук сотунда Текебаевдин иши каралып жатканда анын жактоочусу Канат Хасанов сотко сынак тапшырууну камсыздап берүүсү боюнча кайрылган. Сот өтүнүчтү четке каккан. “Ата Мекен” партиясынын мүчөлөрү БШКга бул маселени чечип берүү талабы менен кайрылган. БШК бул боюнча сотко кайрылуу керек экенин билдирген.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: