super.kg logo

Жогорку Сот Өмүрбек Текебаевди тил сынагына катыштыруу маселесин кароо боюнча райондор аралык сотунун чечимин күчүндө калтырды

 

Бүгүн, 8-августта Жогорку Сот Өмүрбек Текебаевди тил сынагына катыштыруу боюнча Бишкек шаарынын райондор аралык сотунун чечимин жокко чыгаруу боюнча арызды карады. Жогорку Соттун басма сөз кызматынын маалыматына караганда, соттук коллегия биринчи инстанциядагы соттун чечимин күчүндө калтырган.

Буга чейин "Ата Мекен" партиясынын юристи Таалайгүл Токтакунова "Бишкек шаарынын райондор аралык соту Борбордук шайлоо комиссиясын Өмүрбек Текебаевди мамлекеттик тил сынагына катыштыруу маселесин кароону милдеттендирди" деп билдирген болчу.

Бирок Борбордук шайлоо комиссиясы "Сот Текебаевди тил сынагына катыштыруу маселесин кароого милдеттендирген жок. Болгону "БШК аракет көргөн эмес" деп тапты" деп билдирүү тараткан.

Кийин БШКнын юристи Бишкек шаарынын райондор аралык сотунун чечими боюнча Жогорку Сотко кассациялык арыз жазганы белгилүү болгон.

Эске салсак, Мамлекеттик тил боюнча улуттук комиссиянын тизмеси боюнча Текебаев 26-июлда кыргыз тили боюнча сынакка катышуусу керек болчу. 25-июлда Бишкектин Биринчи Май райондук сотунда Текебаевдин иши каралып жатканда анын жактоочусу Канат Хасанов сотко сынак тапшырууну камсыздап берүүсү боюнча кайрылган. Бирок сот ал өтүнүчтү четке каккан. Мындан соң “Ата Мекен” партиясынын мүчөлөрү БШКга бул маселени чечип берүү талабы менен кайрылышкан. БШК бул боюнча сотко кайрылуу керек экенин билдирген.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(4)
08.08.2017. 21:42 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+5
Эптеп бири бирине пас берип отуруп шайлоодон чыгарып салуу керек болтат.
08.08.2017. 23:11 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Кыскасы Чиркешовичти шайлоого жеткизбейт экен да ээ
09.08.2017. 00:05 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Жеткизпеш учун камап олтуратда эртен шайлоо отору менен акталып чыгып, кайра оппозиция болуп иштей берсе керек
09.08.2017. 00:36 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Тарыхта эң жаман адамдардын катарында калды го анча мынчалар. Азыркы бийлий, мурунку бийлик Кыргызстандын өнүкпөй калуусуна аябай чоң салым кошуп жатышат.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: