"Ала-Тоо" аянтын Эгемендүүлүк күнүнө карата жасалгалоо үчүн 6 миллион сомдон ашык акчага тендер жарыяланды

Бишкек шаарынын мэриясы Эгемендүүлүк күнүнө карата шаар тургундарына күтүлбөгөн белек даярдап жатканын мэриянын алдындагы "Бишкексвет" муниципалдык ишканасынын жетекчиси Азамат Кожомкулов 8-августта SUPER.KG'ге кабарлады. Анын айтымында, шаардыктар аянтты Жаңы жыл майрамына даярдалгандай көрүү үчүн 6 305 877 сомго атайын жарыктандыруучу каражаттарды алууга тендер жарыяланды.
Тендер 2-августта жарыяланса, арыздарды кабыл алуу мөөнөтү 23-августта аяктайт.
"Буюрса, жарыктарды берүүчү системдердин материалдары алынса, жасалгалоо башталат. Албетте, шаар тургундары үчүн. Ошондуктан азырынча кандай жасаларын айтпай турайын, сюрприз болсун", - деди Кожомкулов.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
22:57
2025-07-15

Рейтинг:
-2

Бечара ош.
Азыр мектептен кысынып жатып, балчайтып түрмөлөрдү салабыз го.