super.kg logo

Окумуштуулар адамдар жынысына жараша мээ илдетине кабыларын аныкташты

 

АКШнын дарыгерлери аялдардын мээсинин активдүүлүгү эркектердикине караганда жогору экенин аныкташты. Бул тууралуу “Journal of Alzheimer” журналы жазып чыккан.

Изилдөөчүлөр 46 миңден ашуун компьютердик томографиянын жыйынтыктарын анализден өткөрүп, эркектердикине караганда аялдардын мээсинин айрым бөлүктөрүнүн активдүүлүгү жогору экенин аныкташкан. Активдүүлүк боюнча айырманын көптүгү чечимдерди кабыл алууга, эрк, социалдык жүрүм-турум үчүн жооптуу мээнин маңдайкы кыртышында жана эмоция, уйку, эс тутум, ички органдардын иштөөсүнө жооп берген лимб системинде байкалган.

Маалыматка ылайык, бул үчүн ден соолугу чың адамдардан тарта шизофренияга чалдыккан, бала кезинен нерв клеткаларынын иштөөсү бузулган, баш мээсинен жаракат алгандар изилдөөдөн өтүшкөн. Жалпысынан ыктыярчылардын мээлеринин 128 бөлүгү иликтенген. Окумуштуулардын айтымында, аял менен эркектин мээлеринин иштөөсүнүн айырмасын билүү чоң мааниге ээ. Себеби адам кайсы мээ илдетине чалдыгары анын жынысынан да көз каранды. Жыйынтыгында аялдар көбүнчө альцгеймер оорусуна, депрессияга кабылышары, тынчсыздана беришери аныкталса, эркектердин көбүнчө жүрүм-туруму үчүн жооп берчү мээ бөлүгү жабыркай турганы маалым болгон.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(1)
09.08.2017. 11:09 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
туура
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: