Кытайда күчү 7 баллга жеткен жер титирөө катталып, бир нече адам каза болду



Кытайдын Сычуань провинциясында күчү 7 баллга жеткен жер титирөө катталды. Алдын ала маалыматтарга караганда, кырсыктын кесепетинен 7 адамдын каза болгону жана 160тан ашык адамдын жабыркаганы тастыкталган.
Ал эми Кытайдын өзгөчө кырдаалдардын кесепеттерин жоюу боюнча улуттук комиссиясы зилзаланын кесепетинен каза болгондордун саны 100дөн, ал эми кыйраган үйлөрдүн саны 130 миңден ашышы мүмкүн экенин айтышууда. Азыркы тапта издөө-куткаруу иштери жүрүп жатат.
Жер титирөөдөн улам Цзючжайгоу уездинин улуттук паркындагы мейманкана да жабыркаган. Ал жакка күнүнө миңдеген туристтер келип турушчу.
Айта кетсек, жер титирөө кечээ, 8-август күнү жергиликтүү убакыт боюнча саат 21:19да болгон. Анын күчү очогунда 7 баллга жеткен.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
13:51
2025-07-19

13:47
2025-07-18

10:29
2025-07-18
Рейтинг:
0

Комментарийлер(3)
Muslima96

10.08.2017. 03:41
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Салам админ. Бугун Бишкекте танга маал болгон жер титироо канча баллга жетти? Маалымат бере аласыздарбы?
admin_superstan

10.08.2017. 12:37
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Muslima96, саламатсызбы? Сунушуңузга рахмат, тиешелүү бөлүмгө жеткирилди.
nazira...

10.08.2017. 08:41
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
7 баллда кыйроо болобу, биздин уйлорду (азыркыларды билбейм,союдакы уйлор) 7 баллга чейин туруштук бере алат дешет го. Же кытайдын уйлору башкача салынабы. Эмнеси болсо да кудай сактасын да баардык адамзатын.
1 |
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.