Ошто адам өмүрүн сактап калган мектеп окуучуларына ӨКМ Ардак грамота тапшырды
ӨКМнын Ош шаардык башкармалыгынын өкүлү Нурланбек Баймуратов адам өмүрүн сактап калган окуучуларга Ардак грамота тапшырды


ӨКМнын Ош шаардык башкармалыгынын өкүлү Нурланбек Баймуратов адам өмүрүн сактап калган окуучуларга Ардак грамота тапшырды

Сууга агып бара жаткан 3 баланы куткарып калган мектеп окуучулары баатырдыгы үчүн грамота алышты

ӨКМнын Ош шаардык башкармалыгынын өкүлү Нурланбек Баймуратов адам өмүрүн сактап калган окуучуларга Ардак грамота тапшырды

Ломоносов атындагы №3-орто мектептин окуучулары эр жүрөк окуучуларды сыйлоо аземинде

Ушул 8 окуучу 3 адамдын өмүрүн куткарып калышты
21-май күнү ӨКМнын Ош шаардык башкармалыгынын өкүлү Нурланбек Баймуратов шаардагы Ломоносов атындагы №3-орто мектепте чакан жыйын өткөрүп, мектептин 8 окуучусуна салтанаттуу түрдө Ардак грамоталарды тапшырды. Буга окуучулардын жасаган эрдиги себеп болду. Эске салсак, аталган мектептин 7-классынын 8 окуучусу Араван-Ак-Буура каналынан сууга агып бара жаткан 3 баланы куткарып калышкан. Адам өмүрүн сактап калгандыгы жана баатырдыгы үчүн окуучуларга ыраазычылык билдирип жатып, “ушундай эр жүрөк балдардан келечекте өлкөбүздөн татыктуу жарандары өсүп чыгат”,- деди Баймуратов.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
14:05
2025-06-30

11:17
2025-06-30

13:58
2025-06-29
13:11
2025-06-29
Рейтинг:
1

