super.kg logo

Бишкекте Өмүрбек Текебаевди тил сынагына катыштырууну талап кылган митингчини милиция кармап кетти

 

Бүгүн, 9-августта Бишкекте Борбордук шайлоо комиссиясынын имаратынын алдына жарандык активист Өндүрүш Токтонасыровду митинг өткөрүп жаткан жеринен милиция кызматкерлери кармап кетишти. Бул тууралуу ал өзү SUPER.KG порталына билдирди.

Анын айтымында, учурда аны Бишкектин Биринчи Май райондук сотуна алып барышууда.

Айта кетсек, бүгүн Токтонасыров президенттикке талапкер Өмүрбек Текебаевди тил сынагына катыштыруу талабын айтып нааразычылык акциясына чыккан. Ал "Шайлдабекова (ред: БШКнын төрайымы), бийликтин кулу болбо же кызматтан кет! Текебаев тил сынагына катышсын!" деген жазуусу бар плакатты кармап турган.

Бишкектин Биринчи Май райондук соту 1-августтан 20-октябрга чейин Ак Үйдүн, соттордун, министрликтердин, Борбордук шайлоо комиссиясынын имараттарынын алдына митинг өткөрүүгө тыюу салган.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(7)
09.08.2017. 11:56 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
бир нерсе болот го мындай кетишинде бшк эмитен эле экиге болунуп калды бшкнын тороайымы Шайылдабекова башкара албайт экен унчукпай жай суйлоп гана отурат го бшкга эркек сурдуу чечкиндуу адам шайлаш керек
09.08.2017. 12:01 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Токтонасыров ак журок киши. Карыган апасын озу багат. Жалган жерде жон эле тура албайт.
09.08.2017. 13:33 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
эх бийлик откондон сабак албапсынар да бакиев да камап баштап аягы не болду
09.08.2017. 13:36 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
соз эркиндигин аябай эле кысып жатасынар спортчуларга жардам бергендин ордуна журналисттер мн соттошуп акча ондуруп жатат биздин ажобуз спортчулар оз каражаттары мн барышып жатышат
09.08.2017. 14:43 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-2
Бул мыйзамды сыйлабагандык тыюу салынды дегенден кийин отурбайбы уйундо
09.08.2017. 15:36 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
ZHYRGAl1412,кайдагы мыйзам кулкуну келтирбечи бизде мыйзам жок эмне митингке жон эле тыюу салды дейсинби атайын эле шайлоонун алдында чыкпасын деп мыйзам иштебейт соттор адилетсиз бут баардыгы бир эле кишинин буйругун аткарышат Текебаевди тесттен откорбой деле койсо болот ал ансыз деле 99% пайыз билет бул жон гана шылтоо эптеп шайлоо буткончо Чиркешовичти чыгарбай туруштун амалы
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: