super.kg logo

"Ливанда өткөн сулуулук сынакка Кыргыз өлкөсүнүн атынан катыштым" деген Сусанна Егоряндын Армениянын атынан катышканы белгилүү болду

 
Интернетке тараган сүрөттөр
19 саат мурун жүктөлгөн сүрөт
22-июлда жүктөлгөн сүрөт
Сусанна Егоряндын социалдык тармакка жүктөгөн сүрөттөрү

Буга чейин SUPER.KG порталына 17 жаштагы Сусанна Егорян Ливандын борбору Бейрут шаарында өткөн "World Next Top Model" сулуулук сынагына Кыргыз өлкөсүнүн атынан катышып, биринчи вице-мисс аталганын билдирген.

Бирок социалдык тармактарда Егоряндын Кыргыз жеринен эмес, Армениянын атынан барганын далилдеген сүрөттөр желдей тарап, коомчулуктун ичинде кызуу талкууну жаратууда. Ал сүрөттөр алгач 19 саат мурун аталган сынактын социалдык тармактагы баракчасына жайгаштырылган. Ошол эле баракчада моделдин Кыргыз өлкөсүнүн атынан чыккан сүрөттөрү да 22-июлда жүктөлгөн. Мындан улам Сусаннанын өзү менен байланыша албаган соң "Up Models" агенттигинин менеджери менен байланышсак, алгач түшүнбөстүк болуп жатканын айтып Егорян Кыргыздын атынан барганын билдирди. Арадан көп өтпөй кайра байланышып, моделдин Армениянын атынан барганын тастыктады.

"Биздин бул тууралуу маалыматыбыз жок. Егорян башында Кыргыз өлкөсүнүн атынан катышып жаткан. Армениянын атынан катышканын бүгүн уктук. Негизи мындай чоң сынактарда сөзсүз түрдө өлкөнүн атынан колдоо болуш керек. А бизде андай жок. Мындан улам ал өз элинин атынан чыгууну туура көрсө керек. Биз Сусанна менен байланыша элекпиз. Андыктан бул боюнча азырынча эч нерсе айта албайбыз", - деди ал.

Белгилей кетсек, сынак ушул жылдын 14-июлунан 5-августка чейин өткөн.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг -2 
Комментарийлер(37)
09.08.2017. 14:28 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+11
Саткынго даана
1
2
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: