super.kg logo
  Саясат  

БШКнын мүчөсү Текебаевдин маселеси тууралуу: "Камакта отургандарды тил сынагына катыштыруу мыйзамда каралган эмес"

 

Борбордук шайлоо комиссиясынын мүчөсү Кайрат Осмоналиев президенттикке талапкер Өмүрбек Текебаевдин тил сынагына катыштыруу мыйзамдын кемчилиги болуп жатканын айтты. Бул тууралуу ал бүгүн, 9-августта SUPER.KG порталына билдирди.

Ал бул маселе боюнча Жогорку Соттун чыгарган чечими БШКнын мүчөлөрүнө азырынча бериле электигин белгиледи. “Мен бул чечимди көрө элекмин, бизге таратылып бериле элек. Бирок Жогорку Сот Бишкек шаарынын райондор аралык сотунун чечимин күчүндө калтырганын уктум. Анда БШК эмне кылыш керек деген ыкмалар жазылган эмес. БШКнын милдети - тил сынагынан өткөн талапкерлердин сертификатын кабыл алуу", - дейт Осмоналиев.

"Камакта отургандарды тил сынагына катыштыруу мыйзамда каралган эмес. Мындай суроону депутаттарга бериш керек. Парламент шайлоо боюнча мыйзамга өзгөртүү киргизиши абзел. БШК Текебаевдин же Жапаровдун укугун тебелеп, тоскоолдук жараткан жок. Биз мыйзамдын негизинде иштеп жатабыз. Тоскоолдук жаратсак жоопкерчиликке тартылмакпыз”, - деген пикирде БШКнын мүчөсү.

Эске салсак, кечээ, 8-августта Жогорку Сот Текебаевди тил сынагына катыштыруу боюнча Бишкек шаарынын райондор аралык сотунун чечимин күчүндө калтырган. "Ата Мекен" партиясынын юристи Таалайгүл Токтакунова "Бишкек шаарынын райондор аралык соту Борбордук шайлоо комиссиясын Өмүрбек Текебаевди мамлекеттик тил сынагына катыштыруу маселесин кароону милдеттендирди" деп билдирген болчу. БШК "Сот Текебаевди тил сынагына катыштыруу маселесин кароого милдеттендирген жок. Болгону "БШК аракет көргөн эмес" деп тапты" деп билдирүү тараткан.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: