super.kg logo

Аштын даамын чыгарган зире Баткенде да өсөрүн, баасы кытай зиресинен үч эсе кымбат экенин уктуңуз беле?

 

Ансыз аш аш эмес дешет. Ооба, дал ошол палоого өзгөчө даам берген зире тууралуу сөз болууда. Зире Баткенде да өсөрүн, баасы кытай зиресинен үч эсе кымбат экенин уктуңуз беле? Кыргыз тоолорунан терилген зирелердин баасы кымбат болорун 10 жылдан бери тамак-аш татымалдарын сатып келген Эрнис Шайкеев айтып берди. Ал зиреге болгон суроо талап жогору экенин билдирди.

"Зиренин эки түрү сатылат. Майдаланган түрүн көбүнчө самса, манты, шишкебек жасагандар алышат. Ал эми майдаланбаганын палоого кошушат эмеспи. Бишкектен атайын Орусиянын шаарларына алып кетишкендер бар. Бизге Кытайдан алып келинет. 1 килограммы 350-400 сомго бааланат. Бул жакта өстүрүүгө болбосо керек. Өстүргөндө деле чыгымды актабай калышы мүмкүн. Индия, Иранда да зире өстүрүшөт. Баткендин тоолорунда өскөн зире бааланат. Түсү кара болот. Тоолордо өзү өсүп чыккандыктан, жапайы зиренин жытын алыстан эле билип алса болот. Эми аз-аздан келе баштайт. 1 килограммы 1500 сомго бааланат. Аны атайын дарылыкка издеп келгендер бар", - дейт Шайкеев.

Эрнис Шайкеев

Зирени медицинада да колдонушат. Зире дандарында 4 пайызга чейин эфир майлары болот. Ал жүрөк-кан тамырларына жакшы таасирин тийгизип, инфарктын алдын алат. Табитти ачып, көздүн көрүүсүнө да пайдалуу жактары бар. Ошондой эле тамактын бат аш болуусун камсыздап, жөтөлдө жардам берип, ашказан-ичегидеги оорутууну басат. Зирени майдалап жаракат алган жерге май аралаштырып коюп, антисептикалык каражат катары пайдаланса болот.

Зирени татымал катары гана колдонбостон, чай катары да демдеп ичсе болот. Ал үчүн 1 чай кашык зиренин уругу 250 грамм кайнак сууга салынып демделет. 10 мүнөттөн соң сүзүп алып иче берсе болот. Мындай чай ичтеги газды айдап, ичтин көпкөнүн жоготот. Грецияда балдардын ичегилери ооруганда зиреден чай демдеп беришкен.

Зирени (илимий аталышы Cuminum cyminum) Иран, Индия, Сирия, Пакистан жана Түркия өлкөлөрү өндүрүп, сатыкка чыгарышат.

Зире Индия ашканасындагы негизги татымалдардын бири. Көбүнчө күрүчтөн, жемиштерден жана эттен жасалган тамактарга кошулат. Тамакка кошор алдында зиренин уруктарын кууруп алып, майдалашат. Европада да зиренин майдаланган түрүн колдонушат. Тажик жана өзбек ашканасында зирени палоо, шорпо, ундан жасалган азыктарга кошуп келишет.

Зире Баткен облусунун Кадамжай районунун тоолорунда көп өсөт.

Зире тамакка өзгөчө даам берүүчү татымдардын бири. Ал Ош, Жалал-Абад жана Баткен облусунун тоолорунда көп кездешет.

Зирени терүү биртоп эле кыйын. Зире бышкан маалда аны терүү үчүн атайын чыккандар да бар. Үзүп жатканда уруктары жерге түшүп кетпеши үчүн абайлоо зарыл.

Зиренин сабагы жашыл кезде үзүп алып кургатса да болот. Бирок өзү бышкан зиренин жыты андан айырмаланып турат.

Зиренин уруктарын өзүнчө бөлүп алуу керек. Бул көп убакытты алат. Андан соң аралашып кеткен сабактардын калдыктарынан тазаланат.

Зирени шамал болгон учурда тазалаган оң. Кездемеге зирени салып аз-аздан шамалга сапыруу керек. Уруктар салыштырмалуу оор болгондуктан ашыкча сабактар учуп бөлүнүп калат.

Зиренин майдаланган түрү






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(13)
12.08.2017. 15:52 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Биздин жайыттарда деле көп, чөп чабык маалында элдер терип кетишет. (Ноокат рай.)
12.08.2017. 15:53 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
баары жокто Кытайдын продуктусу толуп кетти, даже укропдагы,жесен кессен карт курт этип катуу, Зире Баткенде осот азыркы базардагыдан майда жыттуу, Кытайдын зиресин кайра кайра жыттасан башын ооруп жыты краскага окшоп кетет, осот экен огородко сепкем быжырап жатып калган кагып терип алсан болот
12.08.2017. 16:04 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Адыр жерлерде коп болот кытайдын индиянын зирелерине аралаштырып сатышат да местный деп алдашым. А так тазасы кыыыйла эле кымбат
12.08.2017. 16:45 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+7
баткендин зиресинин жыты базарды алат
12.08.2017. 17:41 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Зирени ушунча кыйынчылык менен тазалап оструп алат деп ойлогон эмисмин
12.08.2017. 18:01 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+6
Баткенде бааржок осот элдери эмгекчил болушат мисалы Кадамжайда малина аябай сонун болот Айдаркенде картошка пияз сабиз алма Баткенде орук зире Лейлекте да жер жемиштер сонун болот дегеле биздин Кыргызстан бейиштин тору
12.08.2017. 19:35 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
ayjan_90, баткендин атын ааламга чыгарган насвайды дагы кошуп койбопсузда )))))
Модератор admin_superstan түзөттү 2017-08-14 11:42:00
12.08.2017. 18:21 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
Зиресиз аш демдебейм мен да.
12.08.2017. 19:35 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Лейлекте 2түрү бар деп уққам жыты бурқурайт го тим эле. Палоо демдеп жеғенде зире, ноқот қошулған палоо өзгөчө даамдуу болот.
barsbegKG түзөттү 2017-08-12 20:09:10
12.08.2017. 23:02 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
Шорпого кантип кошот экен билгендер айткылачы!Мен бир эле ашка кошконду билет экенмин.
13.08.2017. 00:09 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
Бизде ушул жайда терилген 1кг кадамжайдын тоолорунан терилген зире бар.сатам...дейинби
13.08.2017. 02:37 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
мен бир жолу чай кылып демдеп ичип ичим кооп кеткен наоборот
14.08.2017. 12:50 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
komn47,чай кылып ичсе болот бекен
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: