super.kg logo

Мурманскта онкологиялык дарты жок болуп чыккан адам дарыгерге бычак сайып өлтүрүп, кийин өзүнүн өмүрүн кыйды

 

Орусиянын Мурманск облустук ооруканасындагы онкологиялык оорулардын бөлүмүнүн башчысына бир нече жолу бычак сайылып өлтүрүлдү. Окуя бүгүн, 9-августта болгондугун РИА Новости маалымат агенттиги жазууда.

Маалыматта айтылгандай, дарыгерди өлтүргөн адам ошол жерден дароо эле өзүнүн да өмүрүн кыйган.

Адамдын өмүрүн сактап калуу үчүн дарыгерлер тарабынан көрүлгөн аракеттердин баарынан жыйынтык чыккан эмес. Бөлүм башчы алган жаракатынан улам окуя болгон жерден көз жумган.

"Дарыгерди өлтүргөн адам ага кирүү үчүн жазылган эмес. Ал аталган ооруканага буга чейин кайрылган, анын саламаттыгында көйгөйлөр бар болгону менен, онкологиялык оорусу жок болчу. Учурда иликтөө иштери жүрүп жатат, экспертиза жүргүзүлөт", - деп билдирген Мурманск облусунун саламаттыкты сактоо министри Валерий Перетрухин маалымат каражаттарына.

Мурмансктын жашоочулары социалдык тармактарга дарыгерди өлтүргөн адам "Психикалык жактан жабыркайт" деп жазышкан. "Бул киши тамагымда залалдуу шишик бар деген ойду мээсине орнотуп алган. Бирок дартты аныктоодо анын оорусу жок болуп чыккан. Мындан улам өлтүрүлгөн дарыгер аны дарылоодон баш тарткан", - деп айткан ооруканадагы бейтаптардын бири.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(2)
09.08.2017. 18:09 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+8
Сөз жок. Аябай өкүнүчтүү . Канча жыл өмүрүн медицинага арнап, канчалаган адамдарды дарфлап жүрүп каяктагы бир келесоонун колунан өлүп калды.
09.08.2017. 19:34 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Уюштурулгандыр
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: