Жаңы министрлердин талапкерлиги каралып жаткан ЖКнын жыйынына өкмөт башчынын келбегенин Исмаил Исаков сынга алды
22-майдагы ЖКнын жыйынында Осмонбек Артыкбаевди Энергетика жана өнөр жай министрлигине, Кудайберген Базарбаевди Социалдык өнүктүрүү министрлигине дайындоо маселесин кароого премьер-министр Жантөрө Сатыбалдиевдин келбегенин депутаттар сынга алышты. Депутат Исмаил Исаков премьер-министр өзү келген соң гана министрлер тууралуу маселени кароо сунушун айтты. "Өкмөт башчы аянтта айыл чарба техникаларын тапшырганы жатат" деп жатасыңар. Бул техникаларды дыйкандар өз каражатына сатып алып жатпайбы? Элдин башын айлантып эмне кереги бар? Бул маселени бүгүн карабайбыз",- деди Исаков. Бул сунушту төрага Асылбек Жээнбеков добушка коюп, жыйынтыгында министрлерге байланышкан маселени кароо чечими кабыл алынды.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
14:05
2025-06-30

11:17
2025-06-30

13:58
2025-06-29
Рейтинг:
0

