super.kg logo
  Саясат  

КСДП: "Депутат Жылдыз Мусабекова менен журналисттин телефон сүйлөшүүсү партияга көлөкө түшүрдү"

 

Кечээ, 9-августта Бишкекте КСДПнын саясий кеңешинин отуруму өттү. Бул тууралуу партиянын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, иш-чарада журналист Үпөл Анаркулова менен Жогорку Кеңештин КСДП фракциясынан депутат Жылдыз Мусабекованын интернетке тараган телефон аркылуу сүйлөшүүсү талкууланды. Саясий кеңештин мүчөлөрү бул аудиожазуулар КСДПга көлөкө түшүргөнүн айтышты. Ал эми Мусабекова аудиожазуу бурмаланганын айтып, сотто далилдей турганын билдирди. Жыйынтыгында депутаттын жоопкерчилиги соттук териштирүүдөн кийин карала турган болду.

Мындан тышкары саясий кеңештин жыйынында партиянын эки мүчөсү Ренат Самудинов менен Сагынбек Абдрахмановду КСДПнын катарынан чыгаруу боюнча чечим кабыл алынганы белгилүү болду. Маалымат боюнча, Самудиновдун партиядан чыгарылышына анын ички тартипти бузуп, эч кандай ыйгарым укугу жок эле партиянын атынан билдирүү жасаганы себеп болгон. Ал эми Абдрахманов болсо партиянын чечимине баш ийбей президенттик шайлоого өзүнүн талапкерлигин көрсөткөнү айтылды.

Эске салсак, ушул жылдын 27-апрелинде депутат Жылдыз Мусабекова "туура эмес маалымат жазгансың деп" журналистти коркуткандыгы маалымдалган. Көп өтпөй журналист экөөнүн телефондогу сүйлөшүүлөрүнүн аудиожазуусун жарыялап, 12-майда бир катар бийлик бутактарына кайрылуу катын жолдогон. Өз учурунда депутат журналистти сөкпөгөндүгүн, аудиожазуу монтаж экенин айткан. Жогорку Кеңештин Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот-укуктук маселелер жана регламент боюнча комитети бул маселени карабай фракцияга жиберген эле. Фракция ушул кезге чейин депутаттын жоругун карай элек. КСДПнын лидери фракция депутаттын бул ишин кароого даяр экенин айтканы менен, Мусабекова ооруп калгандыгын айтып, 5 жолку жыйынга келген жок. Анаркулова фракция бул маселени парламент каникулга тараганга чейин создуктуруп жүрүп, каникулдан кийин унуткарып жиберүү аракетин көрүүдө деген оюн айткан.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг -5 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: