super.kg logo

Психолог: "Азыркы өспүрүмдөр кеч чоңоюшат, виртуалдуу дүйнөгө сүңгүп кирип, өздөрүн жалгыз сезишет"

 

Америкалык психолог Жин Туенги 25 жыл бою муундардын айырмачылыгын изилдеп, азыркы өспүрүмдөр мурунку жылдардыкынан бир топ айырмаланарын байкаган. Туенги айырмачылыкты iGen деп атаган. The Atlantic журналы анын китебинин үзүндүсүн жарыялаган.

Бул көрүнүш учурда АКШда болуп жатканы менен, мындай абал биздин өлкөдө да кайталанары талашсыз. Ар бир жаңы муун мурункуга караганда башкача, бир аз акылсыз жана урмат-сыйсыз экени айтылып келет. Мындай пикирлер менен окумуштуулар макул эмес, ошону менен бирге 1995-2012-жылдары төрөлгөндөр чынында мурунку муундардан айырмаланышарын аныкташкан. Жаңы муунда жаңы мүнөздөрдүн пайда болушу бара-бара акырындык менен болуучу, күтүлгөн көрүнүш. 2012-жылы өспүрүмдөрдүн жүрүм-турумун изилдеген окумуштуулар, алардын тез убакыттын ичинде өзгөрүлүшкөнүн байкашкан. Болжол менен ошол эле маалда америкалыктардын 50 пайызынан көбү смартфон көтөрүп калышкан. Буга мобилдүү телефондордун көптүгү, социалдык тармактардын популярдуулугу себеп болгону көрүнөт.

Алар реалдуу жашоодо аз кезигишет

The Atlantic журналынын маалыматына ылайык, өспүрүмдөрдүн ортосунда жактыруу сезимдери бар болсо да реалдуу жашоодо аз кезигишет. Жолугушуунун ордуна жазышууну жана социалдык тармактарда баарлашууну каалашат. Достору менен жолугушкан өспүрүмдөрдүн саны 2000-жылдан 2005-жылга чейин 40 пайызга азайган. Бирок изилдөөлөргө ылайык, бул жаман эмес, өспүрүмдөр канчалык аз кезигишсе, алкоголдук ичимдиктерди ошончолук аз ичишет.

Өспүрүмдөр ата-энеси менен да аз сүйлөшүшөт. Бирок бул жагдай чоңдор үчүн балдарын көзөмөлдөөгө тоскоолдук жаратпайт, аларга бул маселеде санариптик технологиялар жардамдашууда.

Алар бойго жай жетилишет

Учурдун өспүрүмдөрү турмушка кеч аралашат. Мисалы, азыркы өспүрүмдөр айдоочунун күбөлүгүн аларга чейинки муундагы курбуларына караганда кеч алышат жана кеч иштеп башташат.

Ошондой эле өспүрүмдөр жыныстык катнашка да кечирээк барып жатышканы аныкталган. Мунун өзүнүн артыкчылыгы бар, АКШда кош бойлуу өспүрүмдөрдүн саны азайды.

Өздөрүн жаман сезишет

Өспүрүмдөрдүн уйкусу качууда. Эгер уктоо алдында смартфон колдонулса, адамга уктоо үчүн көбүрөөк убакыт талап кылынат. Өспүрүмдөр 8-10 саат укташы керек, бирок азыр алар 7 саатка жетпей гана укташат. Уйкунун аздыгы аянычтуу бүтүшү мүмкүн, мисалы, семирүүгө, кант диабетине жана 2-типтеги артериалдык басымдын жогорулашына алып келет.

Интернет аркылуу ар дайым баарлашып турушса да, азыркы өспүрүмдөр өздөрүн жалгыз сезишерин жазган Туенги. Бирок окумуштуулардын буга байланыштуу так далили жок. Кыздарга эркектерге караганда оор, себеби социалдык тармактарда кыздарды бири-бирине кайраштаруу оңой, ал эми балдар мамилелерин мурункудай эле мушташ менен чечишүүгө далалат жасашат.

"Өспүрүмдөрдүн бардык социалдык жашоосу телефондордо. Достор менен убакыт өткөрүү үчүн үйдөн чыгуу зарыл эмес", - деп жазган психолог.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(2)
10.08.2017. 11:24 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+5
Мен бул ойго кошулбайм,тескерисинче азыркы жаштар эрте чоноюп жатышат. Интернеттен бардык нерсени корушот. Жана переходной возраст да эрте келип, смартфондун да пайдасынан зыяны коп тийип жатат азыркы жаштарга айрыкча мектеп окуучуларына.
10.08.2017. 12:08 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
only_progress, туура, азыркы жаштар "тошок даамын" эрте тартып, эрте бузулуп кетуудо, срок годносту кыска товарга окшоп.....
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: