super.kg logo
  Саясат  

Ыргал Кадыралиева: "Министрлерге сөгүш жарыялоодон мурун жакшылап ойлонуш керек"

 

Жогорку Кеңеште Энергетика жана өнөр жай министрлиги, Социалдык өнүктүрүү министрлиги кызматына сунушталган талапкерлердин маселеси каралууда. Депутат Ыргал Кадыралиева Социалдык өнүктүрүү министрлигине сунушталып жаткан Кудайберген Базарбаевге 17-апрелде сөгүш жарыялангандыгын айтып, анын кандайча министрликке көрсөтүлүп жаткандыгына кызыкты. Айтымында, мындай боло турган болсо сөгүштү кайтарып алуу тууралуу чечимди кайра бардык министрлерге жана алардын орун басарларына жарыялаш керек. "Мен башкаларын айтпайын, өзүңүзгө тиешелүү социалдык тармактын министрлерине жана орун басарларына сөгүш жарыяланды эле. Сөгүш жарыялоодон мурун жакшылап ойлонуш керек,- деген Кадыралиева вице-премьер-министр Камила Талиеваны жарга такады. Буга Талиева К.Базарбаев кыска убакыт аралыгында өз кемчиликтерин жойгонун айтып кутулду.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: