Бишкектин биринчи вице-мэри болуп Ренат Макенов дайындалды
Бишкек шаарынын биринчи вице-мэри болуп Ренат Макенов дайындалды. Тийиштүү буйрукка шаар башчысы Албек Ибраимов кол койгонун 10-августта мэриянын маалымат кызматынан кабарлашты.
Буга чейин аталган кызматты ээлеп келген Эрнис Зарлыков өз каалоосу менен жазган арыздын негизинде кызматтан алынды.
44 жаштагы Макенов 1993-1996-жылдары Кыргыз мамлекеттик университетинин эл аралык экономикалык байланыш багытында билим алып, эмгек жолун 1997-жылы "Бишкек" эркин экономикалык аймак кызматынан баштаган. 2016-жылга чейин бир катар кызматтарда иштеп, 2016-жылдын май айынан тартып мэриянын Менчик муниципалдык башкармалыгын жетектеп келген.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
19:12
2025-07-15
20:13
2025-07-14
Рейтинг:
-2

