super.kg logo

Текебаевдин сотунда жарыш сөзгө мамлекеттик жактоочу катышат. Сот түштөн кийин уланат

 

Бүгүн, 10-августта Жогорку Кеңештеги “Ата Мекен” фракциясынын лидери Өмүрбек Текебаевдин жана мурдагы элчи Дүйшөнкул Чотоновдун үстүнөн козголгон кылмыш иши боюнча соттук отурум уланды.

Отурум башталарда сот жактоочу Чынара Жакупбекованын башка отурумга катышып жатканын жүйө кылып, отурумду калтыруу боюнча өтүнүчүн окуду. Тараптардын пикири айтылган соң мамлекеттик айыптоочулар ишти калтырууга негиз жок экенин айтты.

Сотко айыпталып жаткан Өмүрбек Текебаевдин үч жактоочусу тең келген жок. Мындан улам сот жактоочулардын бул аракетин адвокаттык укугунан аша чапкандык деп баалап, отурумду түштөн кийин мамлекеттик жактоочунун катышуусуна улантуу боюнча чечим кабыл алды. Айыпталып жаткан Өмүрбек Текебаев соттун бул чечимине макул эместигин айтканы менен, сот аны эске алган жок.

Сот бүгүн, 10-августта түштөн кийин саат 14:00дө уланат.

Эскерте кетсек, 2017-жылдын 25-февралында Кыргыз Республикасынын Башкы прокуратурасы тарабынан "Ата Мекен" фракциясынын лидери Өмүрбек Текебаевге "коррупция" жана "алдамчылык" беренелери боюнча кылмыш иши козголуп, ошол эле күнү УКМКнын Тергөө башкармалыгына өткөрүлүп берилген. 26-февралда козголгон кылмыш ишинин алкагында Текебаев менен Чотонов камалган.

Башкы көзөмөл органдын маалыматы боюнча аларга орусиялык ишкер Леонид Маевскийдин арызынын негизинде иш козголгон. Маевский өз арызында Текебаев "Мегаком" иши боюнча 1 миллион доллар алып, аны кайтарбай койгонун айткан.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(3)
10.08.2017. 11:53 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Акталсын куноолору болбосо эмнеге кармап олтурасынар.Же буларды да камап салгынар келип жатабы?!
10.08.2017. 12:22 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Айбек кудайдан корк акмак
10.08.2017. 12:29 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
Текебаев жедиби жооп берсин, жегичтерге сабак болотургандай болсунда, калп эле жок жерден дейбербейли
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: