"Сары-Челектеги туристтердин айдоочусу менен жаңжалдашкан" делген айдоочуга айып пул салынды
"Сары-Челек көлүнө эс алганы барган туристтерден жергиликтүү тургундар коркутуп акча өндүрүп жатат" деген аталыштагы видео интернет айдыңына тарады. Аталган видеодон унаанын жанында бир нече адамдын сүйлөшүп жатышканын, видеого тартып жаткан аялдын "булар эмне жергиликтүү бандиттик топпу?" деп сүйлөгөнүн угууга болот.
Аталган окуя боюнча Жалал-Абад ОИИБине кайрылганыбызда бизге эки айдоочу жол талашып айтыша кетишип, ортодо пикир келишпестик болгонун айтышты.
"Туристтердин айдоочусу менен жаңжалдашкан адам да Сары-Челекке эс алганы барган. Болгону унаа башкарып бара жатып, эки айдоочунун ортосунда түшүнбөстүк келип чыккан. Кийин туристтер милиция кызматкерлерине акча өндүрүү же коркутуу болбогонун айтышкан. Видеону тартып алган котормочу кызга бул окуя тууралуу арыз жазса, иликтөө жүргүзүлүп, керектүү чаралар көрүлөрү айтылган, бирок ал арыз жазуудан баш тартып койгон", - дейт Жалал-Абад ОИИБинин басма сөз катчысы Самара Кыдырова.
Андан сырткары туристтердин айдоочусу менен чатакташкан жеңил унаанын ээси Аксы районунун тургуну 44 жаштагы Э.Бга 364-берене (майда бейбашчылык) менен протокол түзүлүп айып пул салынганын, ага каршы бир гана туристтердин айдоочусу Ош шаарынын 43 жаштагы тургуну М.Б. арыз жазганын билдирди.
Сары-Челектеги туристтер менен айдоочунун ортосундагы чыр


Менимче "киргиздерге" чара коруу керек... Ал эми шоферду тырыштырышса туура кылыптыр. Туристтер келгени менен ал баягы эле байларды байытат. Артында тоодой мусор калат. Жаратылышты бузушат. Кереги жок турист-муристтердин!!