Табигый кооздугу, туристтердин көз жоосун алып, ири аймакты ээлеген жаӊгак токою, салкын абасы менен өзүнө тарткан Арстанбап









Учурда август айы ортолоп жай мезгили да соӊуна чыгып бара жаткан убак. Бирок сиз дале эс алууну пландап, бирок кайда барууну билбей жатсаӊыз, Арстанбапка жол тартсаӊыз болот. Өрөөн Бишкек шаарынан 690 чакырымдай алыстыкта орун алган.
Жалал-Абад облусуна караштуу Базар-Коргон районунда жайгашкан. Ал аймакта туристтердин көз жоосун алып, ири аймакты ээлеген жаӊгак токой, шаркыратмалар, көӊүл ачуучу жайлар жана Арстанбап пансионаты бар.
Өлкөнүн алыскы аймактарынан келген эс алуучулар алгач эле Турбаза деген жайга келишет. Бул жерде балдар үчүн эс алуучу жайлар, тамактануучу, көӊүл ачуучу жайлар, чакан базар орун алган. Ошондой эле табият коюнунда тынч эс алууга, сейилдөөгө да шарттар түзүлгөн. Жергиликтүү тургундардан тамак-аш жасоого, түнөп калуу үчүн жайды ижарага алууга болот.
Туристтер жана келген коноктор үчүн чакан базар жайгашкан. Анда жергиликтүү тургундардын колунан чыккан буюмдар, курут, таттуулар жана башка буюмдар сатылат.
Мына ушул жерден көпчүлүк кичи жана чоӊ шаркыратмага жол тартышат. Тоолуу, таштак жолдор болгондуктан эл ташуу үчүн ыӊгайлуу делген УАЗ унаалар каттайт.
Бир унаага 5тен 10дон ашуун жүргүнчү түшүп, жол тартышат.
Арстанбап айылынан анча эмес алыс жайгашкан кичи шаркыратмага кирүү үчүн алгач 10 сом төлөнөт. Бул айлана-чөйрөнү таза сактоого, көчөт эгүүгө жумшалары бул жайга күнүнө 500дөй адам келери айтылат.
Күндүн ысыгы жана эл арасындагы "шаркыратманын түбүнө барып жуунган адам оорубайт" деген ишенимден улам бул жайга келген адамдын саны арбын.
Ал эми көпчүлүктөн алыс, тынч эс алгыӊыз келсе, анда Арстанбап айылында жайгашкан пансионатка барсаӊыз болот. Акыркы жылдары бул жайга келгендердин саны аз экени байкалат. Бирок эс алуучулар аталган жай өзүнүн табигый кооздугу, мээни эс алдырган тынчтыгы менен өзүнө тартарын белгилей кетишти.







1 |