super.kg logo
  Саясат  

Нарын. Бүткүл дүйнөлүк СПИД оорусу менен күрөшүү күнүнө карата иш-чаралар уланууда

 
2012-жылдын 1-ноябрынан 1-декабрына чейин СПИД оорусун алдын алуу боюнча Нарын шаарынын аймагында бир айлык жарыяланган. Бул боюнча иш-чаралардын планы бекитилип, өткөрүү үчүн мекеме, ишканаларга тапшырылган. Иш-чараларды өткөрүүнүн максаты - Кыргыз Республикасында СПИД оорусу боюнча эпидемиологиялык кырдаал татаалдашкандыгына, ага чалдыккан жарандардын саны өскөндүгүнө байланыштуу оорунун алдын алуу жөнүндө калк арасында түшүндүрүү иштерин жүргүзүү, кеңири маалымат таркатуу жана диспансердик каттоого алынган СПИД оорусу менен ооруган адамдарды басмырлоо, куугунтуктоону азайтуу. Жарыяланган бир айлыктын алкагында шаардын аймагында жайгашкан мекеме, ишканаларда, орто мектептерде СПИД оорусу жөнүндө семинар, лекция, аңгемелешүүлөрдү өткөрүү, видеотасмаларды көрсөтүү, плакаттарды, брошюраларды, буклеттерди таратуу. Жаштар, студенттер, окуучулар арасында спорттук мелдештерди өткөрүү, саламаттыкты сактоо мекемелеринде СПИД оорусу боюнча бурчтарды уюштуруу, санитардык баракчалардын конкурсун өткөрүү, кароосуз калган балдардын топторун, секс-кызматкерлерди, наркомандарды иликтөө үчүн биргелешкен рейддерди өткөрүү иштери жүргүзүлмөкчү.  





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: