super.kg logo

Прокурор соттон Өмүрбек Текебаевди 10 жылга эркинен ажыратууну сурады

 

Бүгүн, 10-августта Бишкек шаарынын Биринчи Май райондук сотунда Өмүрбек Текебаев менен Дүйшөнкул Чотоновдун иши боюнча соттук отурум өтүүдө. Отурумдун жүрүшүндө жарыш сөзгө прокурор Нурмат Исраилов чыгып, Текебаевди 10 жылга, Чотоновду 8 жылга эркинен ажыратууну суранды.

"Өмүрбек Текебаев орус ишкери Леонид Маевский менен макулдашып, "Альфа Телекомдун" башкаруусуна Маевскийдин ишенимдүү адамы Модинди киргизүүгө аракет кылган. Бул үчүн орус ишкеринен бир миллион доллар алган. Бирок бул ишке ашпай калган соң Текебаев алган акчасын кайра кайтарып берүүдөн баш тарткан. Өмүрбек Текебаев ошол кездеги Мамлекеттик мүлк фондунун жетекчиси Абдылдаев жана Чотонов, Маматкеримов менен тил бириктирип кылмыш жасашкан. Өмүрбек Текебаев жана Дүйшөнкул Чотоновду Кылмыш-жаза кодексинин 303-беренесинин биринчи бөлүмү (коррупция) менен айыптап, Текебаевди үй мүлкүн конфискациялоо менен 10 жылга, Чотоновду үй мүлкүн конфискациялоо менен 8 жылга эркинен ажыратууну сурайм", - деди прокурор.

Эскерте кетсек, 2017-жылдын 25-февралында Кыргыз Республикасынын Башкы прокуратурасы тарабынан "Ата Мекен" фракциясынын лидери Өмүрбек Текебаевге "коррупция" жана "алдамчылык" беренелери боюнча кылмыш иши козголуп, ошол эле күнү УКМКнын Тергөө башкармалыгына өткөрүлүп берилген. 26-февралда козголгон кылмыш ишинин алкагында Текебаев менен Чотонов камалган.

Башкы көзөмөл органдын маалыматы боюнча аларга орусиялык ишкер Леонид Маевскийдин арызынын негизинде иш козголгон. Маевский өз арызында Текебаев "Мегаком" иши боюнча 1 миллион доллар алып, аны кайтарбай койгонун айткан.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг -1 
Комментарийлер(14)
10.08.2017. 15:56 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
1 миллионду албай эле койуш керек эле...
10.08.2017. 16:01 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+5
Далил жок болсо, эмнеге камашат экен! Бир балээнин устунон чыкканы калышты.
10.08.2017. 16:02 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+11
Мин кун Эчки болгончо.бир кун Теке болгон артык дейт.
10.08.2017. 16:20 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+10
теке буйруса баарибир чыгат..,чыкса Атамбаевди которуп которуп сузотко чирикин,баягы ременин алып келетко...
10.08.2017. 16:59 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Эми кеч болуп калды Текени камакганга 1 жыл кечиктинер 2-3 айдан кийин бошонуп кетсе баш бербейт алыстан туруп алып сузуп ойнот
10.08.2017. 17:01 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+9
жонокой жаран катары оз оюбузду айта албай калдык го суйлогонунду эле андып турушат карапайым катары коп нерсени айтуудан коркуп калдым эртен чакырып жатса укмкга жумуштун кычаган убагында буларга баары бир
10.08.2017. 17:16 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+7
arawan,туура айтасын. Соз эркиндиги жоголду
10.08.2017. 17:13 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+10
АШАнын куурчак прокурорлору, биз ЭЛ, Супер Инфонун жардамы менен бут сот процессинен кабар таап турдук...

Ошондо Текебаевге койгон айыптоонор далилденбей, кайра бул айыптоолор калпка негизделгени аныкталды. Ошондо да уялбай паланча жыл дейсинер, силер кантип поокурор болуп иштеп журосунор, айыбын мойнуна кое албай деле камагыла деген?!!.....
10.08.2017. 19:19 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-6
10жыл азго көбүрөөк бериш керек канчалаган акчаларды завод фабрика жок кылды талап сатып тоноп.Эгемендуулуктон бери бийликте жүрөт бир иш кылбады жарытарлу өзү жазган мыйзам өзүнүн башын жемей болдуго.
10.08.2017. 19:44 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+5
AzKumFerDan, Атамбаев кыйраттыбы?!! Камоону Атамбаевден баштасак кантет?!!
11.08.2017. 01:54 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
AzKumFerDan,бул жерде Текебаевдин коп адамдары ар аттар менен отурат. Негизи Ашаны Текени убактылуу окмоту менен камайтурган бийдик келсе экен
10.08.2017. 20:50 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Текебаев убагында студенттерди талаага чыгарып иштеткен мезгилди жок кылган!Апаларыбыз айтат го каяка десе,ошол жака малдай айдап талаада тамеки,пахта тердирген окмот деп.Мына ошол нерсени Теке жок кылган.
10.08.2017. 22:39 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3

О.Чиркешович,сиз ак уйдун тундугу элениз!Сиз жок ак уйдун баркы кетти.Эртерээк аман-эсен боштондукка чыгышынызды Кудайдан тилейбиз!
11.08.2017. 12:03 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
mir777, порталдын ЖАЛПЫ ИШМЕРДҮҮЛҮГҮНӨ байланыштуу сын-пикирлер portal@super.kg электрондук дарегине жазылып жөнөтүлүшү керек.
Модератор admin_superstan түзөттү 2017-08-11 12:04:13
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: