ЖЫЛНААМА, 10-ИЮЛЬ: 164 жыл мурун түндүк кыргыздардын ханы Ормондун орустардын чакыруусун четке каккан каты катталган
Мындан 164 жыл мурун, 1853-жылы 10-августта түндүк кыргыздардын ханы Ормон Ниязбек уулунун жана анын уулу Үмөтаалынын орустардын чакыруусун четке каккан каты орус приставында катталган.
Катта орус бийлиги Ормон ханды чакыргандыгы үчүн ыраазычылык билдирген. Ал орустардын чакырыгын Пишпектеги Кокон хандыгынын өкүлчүлүгүнүн орустарга каршы согушуу туурасында кабар келгендигине байланыштуу кабыл албаганын жазган.
"Эгерде мен же менин уулум сизди көздөй кетсек, анда Ормондун оруска кирип кеткенин угушат да дароо кол салып, элди бүлдүрүп, чаап алышат, мына ушундан чочудук", - деп жазылган катта.
Ормондун хандыкка көтөрүлүшү 1842-жылы (кээ бир учурда андан алда канча эрте убакыт жазылат) Көтмалдыда болгон. Хан көтөрүлүшүнө анын ата-бабаларынын эл үчүн кылган иштери, алардын атак-даңкы, эрдиктери чоң салым кошкон. Анын ысымы тарых барактарында казактардын ханы Кененсары Касымовду жеңгени менен калган.
10-августтун жылнаамасы.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
16:58
2025-07-14
Рейтинг:
0

Комментарийлер(2)
Janusia

11.08.2017. 00:41
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Супер Инфо маалыматынарга чон рахмат! Ушундай тарыхый маалыматтарды чыгарып туруунуздарды суранат элем.
admin_superstan

11.08.2017. 11:59
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Janusia, саламатсызбы! Сунушуңузга рахмат, аракет кылабыз.
Модератор admin_superstan түзөттү 2017-08-15 17:02:21
1 |
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.