super.kg logo

Ошто троллейбус айдагандар кайра жумушка чыкты. Каттам үчүн төлөнчү сумма 300 сомдон төмөндөгөн жок

 

Бүгүн, 10-августта Ош шаарында жумуш таштаган троллейбустардын айдоочулары кайра жумуш ордуларына кайтышты. Бул тууралуу SUPER.KG'ге мэрияга караштуу муниципалдык транспорт ишканасынын жетекчиси Расулбек Мурзакулов билдирди.

"Бүгүн түштө кайра жумуштарына чыгышты. Ал эми сумманы төмөндөтүү талаптарын мэрияда талкуулап жатабыз. Бирок алар төгүп жаткан 250 сомду 300 сомго көтөрүү негиздүү. Анткени жай айларында эл аз болот деп электр энергия үчүн төлөп жатышкан 80 сомдон 50 сом кыскартып салганбыз. Азыр шаарга студенттер келе баштап, эл көбөйүп жатат. Ошондуктан ал 50 сомду жалпы тарифке кошконбуз.

Анын үстүнө жаңы алынып келинген 23 троллейбуска быйыл 20 миллион сом төгүшүбүз керек. Жаңы троллейбустардын ичинде канча электр энергия пайдаланганын көрсөтүп турган эсептегичтер бар. Эми канча иштетсе, ошого жараша төлөшөт", - деди Мурзакулов.

Ошондой эле айдоочулардын талабын карап чыгуу үчүн көз карандысыз комиссия түзүлүп, териштириле турганын кошумчалады.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: