Бишкек-Кара-Балта жолунда айдоочу унаасы менен эки адамды сүзүп кетти. Жабырлануучулар ошол жерден каза болгон
Бишкек-Кара-Балта жолунда айдоочу унаасы менен эки адамды сүзүп кетти. Бул тууралуу бүгүн, 10-августта Чүй ОИИББинин Патрулдук милиция башкармалыгынан билдиришти.
Маалыматка караганда, жол кырсыгы 9-августка караган түнү Сокулук районунун Военно-Антоновка айылында болгон. Анда 21 жаштагы айдоочу Субару Легаси үлгүсүндөгү машинасы менен эки жөө жүргүнчүнү сүзүп кеткен. Жабыркагандар окуя болгон жерден каза болушкан. Алардын Военно-Антоновка айылынын 1988 жана 1987-жылы туулган тургундары экендиги аныкталган.
Азыркы тапта айдоочуга кылмыш иши козголуп, тергөө амалдары жүрүп жатат. Айдоочу убактылуу кармоочу жайга киргизилди.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
15:33
2025-07-17
Рейтинг:
0

Комментарийлер(3)
jakilik

10.08.2017. 18:58
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Праваны сатып алгандар жана саткандар уялып атышат болду бекен???
Altysha89

10.08.2017. 19:19
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Ай айланайын айдоочу ага ини эже синдилер көзунөрду чонураак ачып башканарды жакшы иштеткилечи. .. өлүп бутмой болду го авариядан. Канчалаган инсандардын тилек ой мақсаттарын ойрон кылып жатасынар шаашбайрак айдасанар да жетесинер го көздөгөн жеринерге. Машина айдагандан да коркуп калдын киши.
Ayida

10.08.2017. 20:21
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Айдоочу эмес жоо жургунчулорда жолду карабай телефонду караган боюнча отот светофор кызыл жанды кете берет анча мынча карап отуш керекда болду токтоду деп отот.Жанган менен кееде катуу келе жаткандар доодуроп айдап ото берет
1 |
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.