Бишкекте казак продюсери Баян Максат кызы китебинин бет ачарын өткөрдү








Бүгүн, 10-августта Бишкектеги соода түйүндөрүнүн биринде ырчы Анжелика Бекболиеванын колдоосу менен казак элинин белгилүү продюсери Баян Максат кызынын (Есентаева) "Баян. Мен жөнүндө жана ал гана эмес" аталыштагы китебинин бет ачары болуп өттү. Кече жаш ырчылардын коштоосундагы концерттик программа менен башталып, андан соң алып баруучулук кызматка дайындалышкан Айгүл Курманова менен Анжелика Бекболиева казак продюсерин сахнага чакырышты.
Алгач ал кыргыз эли менен амандашып алган соӊ китеби жөнүндө айтып, аны менен жолугушууга келген күйөрмандары менен маектешти. Алар берген суроолордун баарына жооп берип, сүрөткө түшүп жатты. Андан соң алып баруучулар тарабынан кызыктуу оюндар өткөрүлүп, жеңүүчүлөргө Баян Максат кызынын китеби жана башка кызыктыруучу сыйлыктар ыйгарылды.
Баян Максат кызы Бишкекке келди
Баян Максат кызы Бишкекте китебинин бет ачарын өткөрдү

Баса Есентаеванын автобиографиялык китебин окуган жаштар жакшы таалим-тарбия алмак беле, андан коро озунор да, жубайынар, уул-кызынар андай китептерден алыс болсун. Ансыз да Есентаевага окшогондор Кыргызстанда кур эмес, анын китебин окуп, ага окшогондор Кыргызстанда кобойуп кетпесин... Кудай сактасын мындай катындан......
Аны Айчурок каралап чыкканда да ишенген эмесмин. Бирок Мухтар экоонун суротунон кийин Айчурок айтып жаткан окуялардын айрымдары чын экенине ишенууго туура келди. Мен лично Анжеликаны сыйлабай калдым..
Анжелика Татесинен ашса ашып кем калбаган аял экен да мммм...