super.kg logo

Өмүрбек Текебаев менен Дүйшөнкул Чотоновдун соту жумуш убактысы бүткөнүнө карабай уланып жатат

 

Бүгүн, 10-августта Бишкек шаарынын Биринчи Май райондук сотунда Өмүрбек Текебаев менен Дүйшөнкул Чотоновдун иши боюнча соттук отурум өтүүдө. Отурумдун жүрүшүндө Текебаев жарыш сөзүн сүйлөп жатып, жумуш убактысы бүткөнүн негиз кылып, эртең улантарын айтты. Бирок сот анын жарыш сөзү бүтмөйүнчө отурумду жабуудан баш тартты.

"Түнү менен болсо да бул ишти карай беребиз дегениңиздин өзү бул иштин саясий буйрук экенинин далили. Сиз бул жердеги башка адамдардын да укугун сыйлашыңыз керек. Ошондуктан мен сөздү бүгүн токтотом", - деди Текебаев.

Бирок сот айыпталуучунун сунушун эске алган жок. Ал жарыш сөзүн токтотсо сүйлөөдөн баш тартканы катары эсептей турганын айтты. Текебаев кайрадан сөзүн улады.

Эскерте кетсек, 2017-жылдын 25-февралында Кыргыз Республикасынын Башкы прокуратурасы тарабынан "Ата Мекен" фракциясынын лидери Өмүрбек Текебаевге "коррупция" жана "алдамчылык" беренелери боюнча кылмыш иши козголуп, ошол эле күнү УКМКнын Тергөө башкармалыгына өткөрүлүп берилген. 26-февралда козголгон кылмыш ишинин алкагында Текебаев менен Чотонов камалган.

Башкы көзөмөл органдын маалыматы боюнча аларга орусиялык ишкер Леонид Маевскийдин арызынын негизинде иш козголгон. Маевский өз арызында Текебаев "Мегаком" иши боюнча 1 миллион доллар алып, аны кайтарбай койгонун айткан.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(1)
10.08.2017. 19:15 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
Мин кун эчки болгончо,бир кун Теке бол деген кеп бар.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: