super.kg logo

Ысык-Көл облусунда дагы бир жол кырсыгы катталып, 2 адам каза болду

 

Ысык-Көл облусунда жол кырсыгы катталып, 2 адам каза болду. Бул тууралуу бүгүн, 10-августта Ысык-Көл облустук ички иштер башкармалыгынан билдиришти.

Маалыматка караганда, жол кырсыгы бүгүн түшкө маал Тоң районунун Бар-Булак айылында болгон. Анда Мерседес үлгүсүндөгү эки унаа сүзүшкөн.

"Мерседес үлгүсүндөгү унаанын биринде Ош облусунун Кара-Суу районунун тургундары болушкан. Унаанын ичиндеги 30-35 жаштагы келин жана 1 жаштагы кыз каза болду. Андан сырткары 5 адам Тоң райондук ооруканасына жеткирилген. Ал эми экинчи унааны Тоң районунун тургуну башкарып бара жаткан. Анын ичиндегилердин эч бири жабыркаган эмес", - дейт Ысык-Көл ОИИБинин басма сөз катчысы Сталбек Усубакунов.

Айта кетсек, кечээ, 9-августта да Ысык-Көл облусунда эки жол кырсыгы катталып, 4 адам көз жумган болчу.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(5)
10.08.2017. 19:12 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Жакындарына сабыр. ... жараткан аллам жайын жаннаттан кылсын. Жакшы куну отуптур бейишин берсин. Айдоочуларга жаман сөзүм да калбады .... эх.
10.08.2017. 19:16 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-8
Тиги жакта Жээнбековду айга-кунго тенеп жатышат, кыйратып иштеп жатат деп... Мына кечоотон бери эле 5-6 кандуу ДТП болуп 20га жакын адам олду. Жээнбеков жол кыймылын эптеп жонго сала албаган сон, аны мактагандарга, Жээнбековду колдогондорго менин да айтаар созум жок.....
10.08.2017. 19:26 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Patriot7,Отурашатта бийлик , байлык ,мансап үчүн
10.08.2017. 19:39 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Сасыган саясаттарын айланчыктап журушот да колдору бошобой иштеген адам болушуп. ... кырылып калса да барибир буларга. Башка нерсени ойлоно албай калдым себеби акыркы бир ай ичинде канча кандуу авария болду дагы да кыймылдашбайт бул дегени бирин өлүп бирин кал дегени да
13.08.2017. 10:02 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
30-35жашта эмес эле 22жаштагы кыз менен бир жашар баласы жан берди...Ата-энесине сабыр тилейм
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: