super.kg logo

Бүгүн Текебаевдин соту түн жарымына чейин өтөрү күтүлүүдө. Дарыгерлердин эскертүүсүнө карабай сот отурумду улантып жатат

 

Бүгүн, 10-августта Бишкек шаарынын Биринчи Май райондук сотунда Өмүрбек Текебаев менен Дүйшөнкул Чотоновдун иши боюнча соттук отурум түн жарымына чейин уланары күтүлүүдө.

Буга чейин отурумда Текебаев өзүн жаман сезип жатканын айтып, эртеңкиге калтырууну суранган. Бирок сот анын жарыш сөзү бүтмөйүнчө отурумду жабуудан баш тарткан. Текебаев жарыш сөзүн сүйлөп жатып, жүрөгү кармап калып, ага "Тез жардам" кызматы чакырылган. Мындан тышкары сот Айбек Эрнис уулуна да медициналык жардам көрсөтүлгөн.

Дарыгерлердин эскертүүсүнө карабай сот Текебаевдин жарыш сөзүн токтотууга уруксат берген жок. Өмүрбек Текебаевге биринчи жардам көрсөтүлгөн соң сот залына алып келгенден кийин ага дарыгерлер эскертүү бергенин айтты. “Урматтуу сот, сизге дарыгерлер тыянакты бериштиби? Мага эскертүү беришти. Ошондуктан соттук процессти токтотушуңузду суранам”, - деди Текебаев. Ал эми сот “азырынча уланта бериңиз” деп айыпталуучу жарыш сөзүн улантууда.

Эскерте кетсек, 2017-жылдын 25-февралында Кыргыз Республикасынын Башкы прокуратурасы тарабынан "Ата Мекен" фракциясынын лидери Өмүрбек Текебаевге "коррупция" жана "алдамчылык" беренелери боюнча кылмыш иши козголуп, ошол эле күнү УКМКнын Тергөө башкармалыгына өткөрүлүп берилген. 26-февралда козголгон кылмыш ишинин алкагында Текебаев менен Чотонов камалган.

Башкы көзөмөл органдын маалыматы боюнча аларга орусиялык ишкер Леонид Маевскийдин арызынын негизинде иш козголгон. Маевский өз арызында Текебаев "Мегаком" иши боюнча 1 миллион доллар алып, аны кайтарбай койгонун айткан.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(8)
10.08.2017. 19:49 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+15
Бийлик аябай эле аша чаап аткан жокбу
10.08.2017. 19:58 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+11
Ушу айбек дегени бирди коргону журот
10.08.2017. 19:58 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+12
Тездетип тун жарымына чейин болсун соттоп жок кылбаса Текебаевди,бийликтин шаштысын алды абиирин ачып шермендесин чыгарды.
10.08.2017. 20:34 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Кудай сакта. Бирок согуш катуу башталган эле Атамбаев vs Текебаев. Текеге административдик ресурс үстөмдүк кылып жатат .
10.08.2017. 22:06 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Тил сынагына жеткирбей жайлайлы дешкен го.
10.08.2017. 22:34 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Ой ой ушунчалыка да барышабы, шайлоо кандай отор экен
11.08.2017. 07:11 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
куноосун тапса таппаса камайт ашанын буйругун жеген бул соттор
11.08.2017. 07:14 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
алса ишини жанини алабеле акты ак деш кыйынбы бир адамдым кызыкчылыгы деп адамдык сапатынды жединго сот
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: