super.kg logo

Чолпон-Атада Чыңгыз Айтматовдун каармандарынын мыкты 10 скульптурасы элге көрсөтүлдү (фоторепортаж)

 
"Гүлсарат". Токтобай Жамакулов
"Мезгил жана достук". Иманбек Чыныбек уулу. ("Гүлсарат" повестинин негизинде)
Айтматов таануучу, академик Дөөлөтбек Шадыбеков
"Жер эне". Адил Сейталиев
Скульпторлор жана уюштуруучулар
"Чыңгыз хандын ак булуту". Дастан Пазылов
"Акбаранын көз жашы". Чыңгыз Шайыкеев
"Өкүнүү". Чынтемир Жыргалбек уулу
"Жомоктон соң". Болоткан Абдиев

Бүгүн, 10-августта Ысык-Көлдүн Чолпон-Ата шаарындагы "Рух Ордо" маданий комплексинде "Айтматовдун чыгармаларын барактап" аттуу таштан жасалган скульптуралар боюнча симпозиум өттү. Кыргыз скульпторлоруна колдоо көрсөтүү, улуу жазуучубузду даңктоо максатында уюштурулган иш-чарага коомдук ишмерлер, Айтматов таануучу, академик Дөөлөтбек Шадыбеков, Чолпон-Ата шаарынын мэри, район акими жана башка коноктор катышып, жазуучуну эскеришти. Ошондой эле 10 кыргыз скульпторунун Чыңгыз Айтматовдун чыгармаларына арнап жасаган эмгектери ачык асман алдындагы музейге коюлду.

Симпозиумдун уюштуруучуларынын билдиргенине караганда, буга чейин скульпторлор арасында сынак жарыяланып, 40 катышуучунун 10унун эмгеги мыкты делип тандалып алынган. Бийиктиги 2 метрден 7 метрге чейин жеткен таштан жасалган скульптуралардын ар биринде терең философиялык маани жатат.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 7 
Комментарийлер(3)
11.08.2017. 00:28 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Moлoдцы.
11.08.2017. 09:48 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-2
Эмнегедир 1-абзацтагы "...Ысык-Көлдүн Чолпон-Ата шаарындагы..." деген сөз айкашы анча коошпой турат. Анткени, эгер "Ысык-Көл" дегенде "көлдү" түшүнсөк, анда анын узуну, туурасы, тереңдиги болот, бирок "шаары" болбойт. Ошондуктан, жөн эле "Чолпон-Ата шаарындагы" десек - элдин баары түшүнөт. Андан да так болсун десек, анда "Ысык-Көл районунун Чолпон-Ата шаарындагы" деп жазса болот.
asmera түзөттү 2017-08-11 09:56:48
11.08.2017. 10:58 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
asmera, саламатсызбы? Бул жерде түз мааниде эмес, кыйыр мааниде колдонулган үчүн Ысык-Көлдүн Чолпон-Ата шаары деп берилген. Ысык-Көлдүн Чолпон-Ата шаары дегенде эле Ысык-Көл району жөнүндө сөз болуп жатканын түшүнөбүз.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: