super.kg logo

ЖЫЛНААМА, 11-АВГУСТ: Кыргыздын Эмгек сиңирген дарыгери Сабырбек Жумабеков 53 жашка толду

 
2017-жылы 12-июлда II даражадагы "Манас" ордени менен сыйланган

Бүгүн, 11-августта Кыргыздын башкы ортопед-травматологу, медицина илимдеринин доктору, профессору, Кыргыздын Эмгек сиңирген дарыгери Сабырбек Жумабеков 53 жашка толду. Ал Таластын Сатыкей айылында төрөлгөн.

1981-жылы мектепти бүтүрүп Кыргыз медициналык академиясына тапшырган. Академияны 1987-жылы ийгиликтүү аяктап Крым медициналык институтуна тапшырган. Ал жакта окуп да, иштеп да, кандидаттык диссертациясын да коргоого үлгүргөн.
1996-жылы Калифорнияда стажировка өтүп келген.
1996-1999-жылдары Борбор Азия жана Казакстанга омуртка ооруларын микрохирургиялык дарылоо ыкмасын киргизген.
2007-жылы декабрь айында "Ата Журт" партиясынан Жогорку Кеӊешке депутат болгон, бирок мандатынан өз эрки менен баш тартып, Травматология жана ортопедия илимий изилдөө борборунун директору болгон.
2010-жылдын 20-декабрынан 2011-жылдын 11-декабрына чейин Кыргыз Республикасынын саламаттыкты сактоо министри болгон.
2017-жылы 12-июлда II даражадагы "Манас" ордени менен сыйланган.
Учурда Бишкектеги Травматология жана ортопедия илимий борборунун жетекчиси болуп эмгектенет.
11-августтун жылнаамасы.





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(3)
11.08.2017. 09:24 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Бата менен эл когорот, жамгыр менен жер когорот" бул макал анык ушул кишиге тийиштуу деп ойлойм, коптогон омурлорду сактап, баталарды алып жургон инсан катары билем, сизге ден-соолук,узун омур тилейм, бар болунуз!!
11.08.2017. 09:26 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Куттуктайбыз! Эл кызматында журо бериниз!
11.08.2017. 12:48 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Сабырбек байкенин туулган күнү менен куттуктайбыз! Кыргызстан элинин ырысына бар болуңуз, дагы Кудайым колдоп мындай жаштын көбүн берсин! Темирдей ден-соолук, үй-бүлөңүз менен турмуштун рахатын көрүңүз! Шакирттерди тарбиялап, элдин алкышын алып жүрө бериңиз!
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: