super.kg logo
  Саясат  

Текебаев менен Чотоновдун тарапташтары ачкачылык акциясын токтотушту

 

Өмүрбек Текебаев менен Дүйшөнкул Чотоновдун тарапташтары ачкачылык акциясын токтотушту. Бул тууралуу бүгүн, 11-август күнү SUPER.KG`ге "Ата Мекен" партиясынын өкүлү Нуразиз Шайырбек уулу билдирди.

"Ачкачылык кармап жаткан 7 адам кечээ күнү кечинде ачкачылык акциясын токтотушту. Анткени алардын Өмүрбек Текебаевге карата саясий куугунтук токтотулсун, президенттик жарышка катышуу үчүн тил сынагына кирүүгө мүмкүнчүлүк берилсин деген талабына бийлик тарабынан эч кандай реакция болгон жок. Мына ошондуктан алар башка кадамдарга барабыз деп акцияны токтотушту", - дейт Нуразиз Шайырбек уулу.

Эскерте кетсек, 31-июлда абакта жаткан Өмүрбек Текебаев менен Дүйшөнкул Чотоновдун тарапташтары ачкачылык жарыялашып, бул кадам менен саясий куугунтукка Кыргыздын жана эл аралык коомчулуктун көңүл буруусу үчүн барып жатканын айтышкан.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 2 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: