super.kg logo

ЖЫЛНААМА, 11-АВГУСТ: Кыргыздын Эмгек сиңирген артисти Мирбек Атабеков 31 жашка толду. Ырчы кантип атактуулукка жеткен?

 

"Супер-Инфо" гезитинин тандоосу боюнча 3 жолку "Жылдын мыкты ырчы мырзасы", "Заманыбыздын супер ырчысы" наамдарынын ээси, Кыргыз Республикасынын Эмгек сиңирген артисти Мирбек Атабеков бүгүн, 11-августта 31 жашка толду. "Сени гана" ырын ырдап чыгып, аз убакыттын ичинде популярдуулуктун чокусун багындырган ырчы кантип ийгиликке жеткенин төмөндөн окуңуз.

Кичинекей Мирбек

Атадан уулга өткөн талант

Мирбек Атабеков 1986-жылы Талас районундагы Жон-Арык айылында жарык дүйнөгө келген. 6-класска чейин аталган айылдагы мектепте билим алып, андан кийин Бишкекке көчүп келип, №50-мектеп-гимназиясында окуп калган. 9-классты аяктаганда кафе жана ресторандарда ырдай баштаган. Мектепти бүтүргөн соң Жусуп Баласагын атындагы Улуттук университеттин экономика факультетине тапшырган. Кийинчерээк "Поющий город" долбооруна катышып, финалчы болгон. 2004-жылы өзү "Тандем" аттуу топ негиздеп, өлкөнүн хит-параддарында "Жүзүң" аттуу ыры менен алдынкы орундарга чыга баштаган.

Апасы Дарика Абдрахманова "Супер-Инфого" берген маегинде уулуна ырчылык талант атасынан өткөнүн айткан. Анын айтымында, ырчынын атасы ырдагандан сырткары комуз, пианинодо ойноп, ыр жазган.

Сүйүктүүсү менен 3 жыл сүйлөшүп жүрүп баш кошкон

Ырчы жубайы Мээрим менен чогуу түтүн булатып келатканына быйыл 3 жыл болот. 2014-жылдын 23-сентябрында түгөйлөрдүн үйлөнүү тою өткөн. 2015-жылдын 21-ноябрь күнү уулдуу болушуп, ага Адам деген ысымды ыйгарышкан. Мирбек Атабеков үй-бүлөсү менен чет өлкөлөргө саякат жасоону жакшы көрөт. Буга анын социалдык тармактагы чет жерлерде үй-бүлөсү менен түшкөн сүрөттөрү далил.

Үй-бүлөсү менен

30 жашында "Кыргыз Республикасынын Эмгек сиңирген артисти" наамына ээ болгон

2016-жылы 11-октябрда Кыргыз өлкөсүнүн эгемендүүлүгүнүн 25 жылдыгына карата маданияттын өнүгүшүнө салымын кошкон белгилүү инсандарга мамлекеттик сыйлыктар берилип, Мирбек Атабеков "Кыргыз Республикасынын Эмгек сиңирген артисти" наамына ээ болгон.

Бул окуяга карата эл тарабынан айтылган сындарга ырчы: "Ал наам мага өз убагында ыйгарылды. Кээ бирөөлөр сатып алды, тааныш аркылуу алды дешти. Бир чети сүйүндүм. Рахмат, мени бай, байланышы күчтүү, таасирдүү адам катары көрүшкөндөрүнө. Бирок мен карапайым эле үй-бүлөдөн чыккан, жөнөкөй жигитмин. "Жеңилген күрөшкө тойбойт" дегендей, утулгандар чыгармачылыкты, чыгармачылыктын түйшүгүн түшүнбөгөндөр сындай беришет", - деп жооп берген.

Продюсери менен узак убакытка иштешип, рекорд койгон

Ырчы 2006-жылдан тарта продюсери Канат Култаев менен иштешип келет. Экөөнүн ортосундагы кызматташтык тууралуу Канат Култаевдин: "Кыргыз шоу-бизнесинде ырчы менен продюсердин 9 жыл келишим менен иштеши бул рекорд. Биз биринчи орунга келишимдеги расмий шарттарды эмес, бир туугандык, достук мамилени коюп иштешебиз", - деп айтканы бар.

11-августтун жылнаамасы.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(11)
11.08.2017. 13:22 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
Жубайы экону маеке чыкырыныздарчы
11.08.2017. 14:38 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-4
dastan_nookat, саламатсызбы! Сунушуңузга рахмат, эске алабыз.
Модератор admin_superstan түзөттү 2017-08-15 17:00:21
11.08.2017. 13:28 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Кандайча эмгек синирген артист, бу фонограмма менен жургон эле балаго, кече эле чыккан балага наам берип атса айтат да калк деле. Калк айтса калп айтпайт дешет беле
11.08.2017. 13:48 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Молодец Мирбек байке талантынызды сыйлайм, жубайыныз мн бактылуу болунуздар! Атактуулугун жоготпостон ырдап келе жатат. Суйлогону орундуу, жонокой, озун жакшы алып жургон маданият кызматкерлеринен деп билемин
11.08.2017. 13:59 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Ильяз Абдразаков таланттуу,биз барктабай Казактар чакырып кетишти. Мирбекте талант бар бирок Ильяздан калат
11.08.2017. 19:02 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
BekAmir,Туура айтасыз Ильязга деле убакыт келип калдыго дейм.
11.08.2017. 14:00 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+6
Баары жакшы молодец,болгону эмгек сиңирген артист жарашпайт! Ошончо эмгеги сиңген ага эжелерибизге берилебейм фанераларга берилсе жиниң келет.
11.08.2017. 14:21 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+6
Эл артист Эмгек синирген артистер калып калып эле ушуларга эле бере берген окшойт атасы.Атанардын берген наамы жарашпайт мыйзамсыз кайтарып бергиле.Силер жашсынар улууларды урматтап койгулачы уят.
11.08.2017. 14:23 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-3
Мирбек жакшы ырдайсын азамат эмгек синирген артист наамга татыктуусун
11.08.2017. 17:23 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Татыксыз
12.08.2017. 00:30 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
жамбыл авама качан бересинер? кыргызстандын кырч бурчуна чейин барып концерт коет. билети деле арзан. же туштуктуктор адам эмеспи.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: