super.kg logo

Текебаев прокурорлор объективдүү далилдерди жана күбөлөрдүн көрсөтмөлөрүн эске албаганын айтты

 

Бүгүн, 11-августта Жогорку Кеңештеги “Ата Мекен” фракциясынын лидери Өмүрбек Текебаевдин жана мурдагы элчи Дүйшөнкул Чотоновдун үстүнөн козголгон кылмыш иши боюнча соттук отурум өтүүдө. Өмүрбек Текебаев сотто жарыш сөзүн улантып жатат.

“Мамлекеттик айыптоо өзүнүн корутундусунда 2010-жылы 13-май күнү менин кайда болгонумду далилдеген күбөлөрдүн көрсөтмөлөрүн эске алган эмес. Менин Конституциялык жыйынга катышканымды тастыктаган видеону көрсөттүк. Ошол күнү түштөн кийин Дүйшөнкул Чотоновдун Ошко учуп кеткени боюнча ондогон адамдар тастыктаган көрсөтмө берди. Бирок прокурорлор алардын бирин да эске албастан 13-май күнү "Супара" эс алуу жайында Маевский менен 2 саат отурган деп корутундусуна жазып отурат”, - деди Текебаев.

Эскерте кетсек, 2017-жылдын 25-февралында Кыргыз Республикасынын Башкы прокуратурасы тарабынан "Ата Мекен" фракциясынын лидери Өмүрбек Текебаевге "коррупция" жана "алдамчылык" беренелери боюнча кылмыш иши козголуп, ошол эле күнү УКМКнын Тергөө башкармалыгына өткөрүлүп берилген. 26-февралда козголгон кылмыш ишинин алкагында Текебаев менен Чотонов камалган.

Башкы көзөмөл органдын маалыматы боюнча аларга орусиялык ишкер Леонид Маевскийдин арызынын негизинде иш козголгон. Маевский өз арызында Текебаев "Мегаком" иши боюнча 1 миллион доллар алып, аны кайтарбай койгонун айткан.

Прокурор соттон Өмүрбек Текебаевди 10 жылга, Дүйшөнкул Чотоновду 8 жылга эркинен ажыратууну сураган.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(1)
11.08.2017. 11:45 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Бет жок экен соз жок шакалдарга
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: