Манас Ниязов Казакстанда өтчү көк бөрү боюнча Дүйнө чемпиондугуна катышпайт

Манас Ниязов Казакстанда өтчү көк бөрү боюнча Дүйнө чемпиондугуна катышпайт. Бул тууралуу ал бүгүн, 11-августта интернеттеги баракчасына жазды.
"Астанада өтө турган Дүйнөлүк биринчиликке барбай турган болдум. Кыргыз курама командасынын жеӊишине тереӊ ишеним менен ийгилик каалайм. Алга кыргыз элим, алга жигиттер, алга кыргыз көк бөрүсү", - деп жазган.
Эске салсак, буга чейин социалдык тармактарда Дүйнө чемпиондугуна Кыргыз курама командасынын мыкты оюнчуларынын бири Манас Ниязов барбай турганы талкууланып жаткан. Улакчы өзү бул тууралуу: "Азыр окуу-машыгуу жыйындарында жүрөбүз, даярдык жакшы, бирок Казакстанга барарым же барбасым тууралуу маселе учурда чечиле элек", - деп билдирген.
Белгилей кетсек, Астана шаарында 20-28-август аралыгында көк бөрү боюнча Дүйнө чемпиондугу өтөт. Анда Кыргыз курама командасы "А" тайпасында ойноп, Өзбекстан, Тажикстан, Монголия, Түркия, АКШ курамалары менен беттешет.

Мамлекеттин алсыздыгы!
кылып койот ошого барбаганы жакшы деп мен ойлойм