super.kg logo

Президенттикке талапкердин "тил сынагынан оппозициялык пикирим үчүн куладым" дегенине эксперттик комиссия жооп берди

 

Президенттикке талапкерлигин көрсөткөн Калмамат Мактымбаев"Президенттикке талапкерлигин көрсөткөн Калмамат Мактымбаев тил сынагынан оппозициялык мүнөздөгү сөзү үчүн кулап калуусу мүмкүн эмес", - деп бүгүн, 11-августта SUPER.KG`ге талапкерлерден тил боюнча сынакты кабыл алган эксперттик комиссиянын төрагасы Абдылдажан Акматалиев билдирди.

Анын айтуусуна караганда, талапкер Калмамат Мактымбаев өзү билдиргендей компьютерлерден сынакты жакшы тапшырып, оозеки сынактан кулабастан, тескерисинче компьютерден сынакты өтө начар тапшырган.

"Ал айтып жаткандай оозеки сынакта оппозициялык мүнөздөгү сөзү үчүн кулаган жок. Биз анын саясий сөзүнө баа берип, программасына кирише албайбыз. Ал тескерисинче, жакшы көрсөткүчтү оозеки түрүндөгү сынак тапшырууда алган. Негизи сынак 4 бөлүктөн өтөт, 3 сынакты компьютерден тапшырып, 1 сынакты оозеки тапшырат. Алардын ар бири 100 баллдык өлчөм менен бааланат. Калмамат Мактымбаев лексика, грамматика боюнча сынакта нөл балл алган, угуу боюнча сынакта 20 балл, окуу боюнча бөлүгүндө 30 балл алды. Ал эми оозеки сынактан болсо башкалардыкына салыштырмалуу жакшы көрсөткүчкө ээ болуп, 48,4 балл алган. Жалпы анын алган баллдарын кошконубузда 98,4 балл болду. Бул санды 4 тапшырмага бөлгөндө 24,6 баллдан тийди", - дейт Абдылдажан Акматалиев.

Эскерте кетсек, буга чейин тил сынагынан кулап калган президенттикке талапкер Калмамат Мактымбаев "сынак учурунда оппозициялык маанайдагы сүйлөгөн сөздөрүм да кулап калуума себеп болду окшойт" деген пикирин билдирген.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(2)
11.08.2017. 15:43 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
бабай актанбай койсо болмок экен
11.08.2017. 17:24 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Бабайга ишенбедим. Оппазициялык созу учун кулаганда таза оппазицияда жургон Торобаевге окшогон талапкерлер баары кулап калмак. Башкача айтканда ардактуу эс алуунузду татыктуу откорунуз.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: