super.kg logo

Viber SIM-карта алмаштырган колдонуучулар жүдөбөй турган программаны иштеп чыкты

 

Телефондун номерин алмаштыруу демейде ар кандай түйшүктөр менен коштолот. Жаңы SIM-карта менен кошо сиздин телефонуңузда сакталган номерлер гана эмес аккаунт, андагы каттардын баары өчүп калат. Кээде каттардын арасында маанилүүлөр болгонун эстеп, кийин аны таба албай калган учурлар болуп келген. 4pda.ru порталы эми Viber'дин колдонуучулары SIM-картасын алмаштырууда такыр жүдөбөй турганын жазган.

"Телефондун номерин алмаштыруу - жөнөкөй жана керектөөчүлөр арасында кенен жайылган көрүнүш. Номериңизди алмаштыргандан кийин жаңы аккаунт ачып, байланыш номерлердин баарын кайрадан көчүрүп чыгуу убакытты талап кылат. Буга байланыштуу Viber'дин кызматкерлери SIM-карта алмаштыруудагы түйшүктөрдү азайтууну иштеп чыкты. Сиз телефонуңузга жаңы SIM-карта салганда Viber'деги бардык досторуңузга жаңы номериңиз жөнөтүлүп, алар телефонунун эсине дароо сактап алуусуна мүмкүнчүлүк түзүлдү", - деп билдирген Viber'дин башкы директору Жамел Агауа.

Мындан тышкары жаңы номер салынгандан кийин Viber тиркемеси мурунку сакталган номерлерди, андагы каттар, маалыматтарды сактоо тууралуу суроо салат. "Сактоону" басып Viber'деги маалыматтарды толук сактап калууга болот.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: