Өлкө аймагында катуу шамалдын жүрүшү башталды
Өлкө аймагында кыйратуучу катуу шамалдын жүрүшү башталды. Бул тууралуу бүгүн, 11-августта SUPER.KG порталына Кыргызгидромет агенттигинен билдиришти.
"Шамалдын алгачкы агымы өлкө аймагында жүрүп баштады. Бишкекте шамалдын ылдамдыгы секундасына 20, Ысык-Ата районунун аймагында 18 метрге жетти. Шамал кечке чейин жүрүшү мүмкүн. Басымдуу шамал Чүй, Ысык-Көл, Нарын өрөөндөрүндө болушу ыктымал. Ысык-Көлдө айрым учурларда секундасына 30 метрге жетиши ыктымал. Бизге агым Казакстан тараптан келет. Учурда Казакстандын аймактарында шамал болуп жатат. Азырынча толук агым келе элек, бүгүн кечке чейин болушу мүмкүн. Ал эми өлкөнүн түштүк аймактарында катуу шамал болбойт", - деп билдирди агенттиктин адистери.
Эске салсак, буга чейин жакынкы 3 саат аралыгында кыйратуучу шамал болушу күтүлөрү маалымдалган.









1 |