super.kg logo
  Саясат  

“Замандаш” ассоциациясы кыргыз тилин өнүктүрүү үчүн сынак жарыялады

 
Тегерек стол учурунан
Мамлекттик тил комиссиясынын өкүлдөрү
“Замандаш” ассоциациясынын өкүлдөрү

21-майда Кыргыз мамлекеттик курулуш, техника жана архитектура университетинде “Мамлекеттик тил интернет жана маалымат байланыш технологияларында” аттуу тегерек стол болуп өттү. Жыйындын демилгечиси болгон Кыргыз уикипедиячылар кыймылы учурда кезиккен маселелерди Мамлекеттик тил комиссиясы менен бирге талкуулап, жаштардын кыргыз тил адистери менен жолугушуп, пикир алышуусуна шарт түзүп берди. Иш-чарада терминдерди кыргыз тилине которуп колдонуу жана кыргыз тилинде туура жазуу сыяктуу маселелер каралды. 

 Ошондой эле MS Windowsтун интерфейсттерин кыргызчага которуу жана тамгаларын системдештирүү, кыргыз уикипедиясынын өнүгүшү жана кыргыз ММКларынын интернеттеги орду тууралуу презентациялар сунушталды. Мындан башка “Кыргыз тилинин орфографиялык онлайн сөздүгүнүн” бет ачары болду. Ал эми «Замандаш» ассоциациясы кыргыз тилинин өнүгүүсүнө өз салымын кошуу максатында Кыргыз уикипедиячылар кыймылын колдоп, Кыргыз уикипедиясынын макалаларын байытуу жана жакшыртуу  үчүн «Эң мыкты макала» аттуу сынагын жарыялады. Сынак жылдын аягында жыйынтыкталып, эң мыкты макаланын ээлерине Google компаниясынын "Нексус 7" үч планшет жана башка баалуу белектер берилет.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 4 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: