super.kg logo

Текебаевдин сотунда сот отурумду түнкү саат 12ге чейин өткөрүүгө даяр экенин айтты

 

Бүгүн, 11-августта Жогорку Кеңештеги “Ата Мекен” фракциясынын лидери Өмүрбек Текебаевдин жана мурдагы элчи Дүйшөнкул Чотоновдун үстүнөн козголгон кылмыш иши боюнча соттук отурум өтүүдө.

Өмүрбек Текебаев сотто жарыш сөзүн улантып жаткан учурда жактоочу Бактыбек Жумашев иш убактысы бүткөнүн негиз кылып, отурумду башка күнгө калтырууну өтүндү. Текебаевдин жактоочусу Чынара Жакупбекова да кесиптешин колдоп бүгүн отурум саат сегиз жарымда башталганын айтты. “Бүгүн сот саат 8:30да башталды. Азыр саат 17:30 болду. Иш убактысы бүттү. Мен кесиптешимди колдойм. Жактоомдогу Текебаев эртеден бери сүйлөп жатат. Мыйзамда төрт сааттан ашык сүйлөөгө болбойт”, - деди.

Ал эми сот Айбек Эрнис уулу: “Бул төрт саат деп чектегидей сурак болгон жок, улантыңыз, эгер токтотсоңуз сизди жарыш сөздөн баш тартты деп эсептейбиз. Керек болсо жарыш сөздү түнкү саат 12ге чейин угабыз”, - деди жактоочуга.

Жыйынтыгында Текебаев жарыш сөзүн улантууга аргасыз болду.

Эскерте кетсек, 2017-жылдын 25-февралында Кыргыз Республикасынын Башкы прокуратурасы тарабынан "Ата Мекен" фракциясынын лидери Өмүрбек Текебаевге "коррупция" жана "алдамчылык" беренелери боюнча кылмыш иши козголуп, ошол эле күнү УКМКнын Тергөө башкармалыгына өткөрүлүп берилген. 26-февралда козголгон кылмыш ишинин алкагында Текебаев менен Чотонов камалган.

Башкы көзөмөл органдын маалыматы боюнча аларга орусиялык ишкер Леонид Маевскийдин арызынын негизинде иш козголгон. Маевский өз арызында Текебаев "Мегаком" иши боюнча 1 миллион доллар алып, аны кайтарбай койгонун айткан.

Прокурор соттон Өмүрбек Текебаевди 10 жылга, Дүйшөнкул Чотоновду 8 жылга эркинен ажыратууну сураган.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(6)
11.08.2017. 17:49 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Тундосу камайт екенда акыры
11.08.2017. 17:51 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Олуп эле кеткилечи. Колунардан бок келбейт. Чондорубуздун, сотторубуздун кейпи бул болсо башкалар эмнени кылбайт кантип онолобуз. Бул кейпибизде онугуп оспойбуз. Жата бергиле соттошуп. Бети жоктор элди ойлошпойт
11.08.2017. 17:59 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Айба адамгерчиликти биринчи орунга кой,бетеге кетет бел калат,бектер кетет эл калат.
11.08.2017. 18:11 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Мынчалык эмне шашылыш тунку 12 ге чейин, озунорго керек болсо туну болсо да иштейт экенсинерго. Карапайым элдин иши тушсо саат 17:00 до жумуш убагынар бутот же короткий день деп 14:00 до жоксунарда. Акыры бир нерсени корорунор калдыгоо чиркин.
11.08.2017. 18:15 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Жаман соттодунарда.
Ушул копко чозулган соттунар же акыйкаттуу чечилсе олойун.
Соттогон киши болуп чайналып эле журо бергиле акчалуунун пешенесин сылап
kirgizstan түзөттү 2017-08-11 18:17:13
11.08.2017. 18:20 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Ушул сотко каргыш тиймей болду бирнерсе болотго бул буйрукту аткарам деп
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: