super.kg logo

Орусия Анталияда коксаки вирусу жайылып жатканын жарыяласа, Түркия бул илдет орусиялык туристтер менен келгенин айтты

 

Орусиянын керектөөчүлөрдүн укугун коргоо жана адамдын саламаттыгы боюнча көзөмөл кызматы Түркиянын Анталия шаарындагы эс алуучу жайларды туристтер үчүн кооптуу деп тапты. Бул тууралуу орусиялык маалымат каражаттары бүгүн, 11-августта жазып чыкты.

Буга чейин жалпыга маалымдоо каражаттары Түркиядагы эс алуучулар арасында коксаки вирусу менен ооругандардын саны көбөйүп жаткандыгы тууралуу жазып жаткан. Вирустун кесепетинен ондогон туристтер эс алуусун токтотуп, дарыгерлерге кайрылууга аргасыз болгон.

"Орусиянын керектөөчүлөрдүн укугун коргоо жана адамдын саламаттыгы боюнча көзөмөл кызматы Анталиянын булуңдарындагы эс алуучу жайлар орусиялык туристтердин ден соолугу үчүн кооптуу деген чечимди кабыл алды. Документ Орусиянын туризм боюнча агенттигине жөнөтүлдү. Бул чечимди кабыл алууда Тышкы иштер министрлиги менен кеңешүүлөр өттү", - деп билдирген аталган кызматтан РИА Новости агенттигине.

Бул боюнча Түркиянын Отельерлер федерациясынын башчысы Осман Айык коксаки вирусун Анталияга орусиялыктар алып келген деген билдирүүсүн жасады.

Анын айтымында, аталган оору чындыгында Анталиянын эс алуучу жайларында жайылган, бирок ооругандардын арасында бир дагы түркиялык бала жок.

"Бул илдеттин инкубациялык мезгили 2 жумалык убакытты түзөт. Туристтер 7-8 күн эле эс алып кетишет. Логикалык ой жүгүртсөк, анда орусиялык туристтер өздөрү бул ооруну алып келген болот. Мындай маселе менен буга чейин бир да отель кайрылган эмес. Орусиядан келген эс алуучулар абдан көп, бирок ар бир эс алуу мезгилинде орусиялык маалымат каражаттары бизге каршы ушул сыяктуу маалыматтарды жайылтат", - деген ал.

Коксаки вирусу - клетканын ичинде жайгашкан курттар. Ал негизинен балдар арасында жайылып, суу, аба, жалпы колдонуучу буюмдар аркылуу жугат. Оору пайда болгондогу белгилер: адамдын башы, дене булчуңдары ооруп, дене табы көтөрүлөт. Баланын денесин, оозун, таңдайын кызыл тактар басат.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(18)
11.08.2017. 20:23 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-8
Орустар алып барыштыда. Орустарын балит болушат. Турктор мусулмандар, беш убак даарат алып намаз окуган калк болушат, анан кайдагы коксаки менен оорушмак эле. Орустар ойлонуп туруп чечим чыгарышса болмок, калп эле бет тырмаа кылышпай.
11.08.2017. 20:49 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+11
tular, мен орустардын тарабын алайын деген жерим жок, бирок акыйкаттык учун айтып коеюн, орустар туркторго салыштырмалуу бир топ таза журушот. Сен туркторду коро элек окшойсун...

Анан калса намаз окуган турктор 50/50. Копчулук турктор сен ойлогончолук намаз окуй бербейт. Анын устуно намаз окуса эле таза болуп калбайт. Журот го бизде да сакалын сапсайтып, 5 убак намаз окуганы менен жыты алыстан буркурап....
11.08.2017. 22:56 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+8
Revolyutsiya2,кошулам !!! Туура!!
11.08.2017. 20:29 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+10
Орустар оздорун кыйын сезишти эле турктор бат эле Истребителин атып тушурду эле, эч нерсе кыла алышпай коюштуго. Ошондон кийин эми туркторду жамандап жатышат, эмнеге башка жактан чыкты деп айтышпайт?
11.08.2017. 20:34 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+10
tular, менимче жарашуу учун турктор биринчи кадам таштады кечирим сурап, орустар эмес. Анткени эки олко тирешсе, турктор кобуроок жабыр тартат...
11.08.2017. 21:36 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+8
Revolyutsiya2,сен кордунбу турктордун кечирип койгула Дегенин.. Эрдоган айттыго бул кокустук болду деп.. Эгер дагы чек араны бузса дагы кокустук болот деп... сен Орустардын каналын коп корот окшойсун...
12.08.2017. 02:42 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
leader321, а сен Эрдоган озу кечирим сураганын укпай калдын беле?!!
13.08.2017. 14:28 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Revolyutsiya2,сен туркчо тушунбойт окшойсун...
11.08.2017. 21:55 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+10
Бири олуп бири калсын. Эки олко Кыргызстанга бирдей эле керек. Жаманбы жакшыбы ошол олколордон нан таап жеген мигранттарыбыз коп.
11.08.2017. 22:23 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+11
Бул жон эле РФнын саясаты,орустар коп келбесин деп анткени келген эле орустун жаш кыздары кайра кетбей коюшат туркторго тийип
11.08.2017. 22:23 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Жашаш учун да калып калышат ысык кооз олко деп
12.08.2017. 00:08 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+6
Bul virus 2 ay murda bashtagan, uje buttu emi jazyp jatyshkani kanday..Orustar ala keldi menin oiumcha..Sebebi es aluuga kelgende 1-kunu ele oorup kaldy dep jatywat ata-eneler kop uktum,kordum. Al emi turk jash baldarinin ooruganin kezdeshtirbedim...P.S Men Antalyada hotelde detskiy animator bolup iwteym.
12.08.2017. 01:17 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Чындыгында бул оору орус туристер менен келди.Биз Анталияда туризим тармагында беш жылдан бери иштейбиз.Бул оору былтыр да катталган бирок аз санда.Быйыл деле азырак бирок былтыркыдан бир аз кобурок.Жайылып кетуу коркунучу деле жок.Кудай буюрса туризим ойдогудай болуп жатат.Наныбызды таап жеген шаарыбыз Анталия бар бол!
12.08.2017. 01:25 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Жергиликтуу эл оорубай туруп кантип туристтерге жугат, озулору мн келген учун бири биринен жугуп ооруп жатышат да. Даана туристтердин арасында жайылып атса
12.08.2017. 07:26 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
Emi ooru ooru da~ooru jok jer kaisil jerde bar eken~a mumjun 2 jakta ten bardir~~~
12.08.2017. 07:29 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Men dele turister kop kelgen olkodo jashaimin~andai ooru bar~birok ech kim ech kimdi kunooloboi ele ~jashoo oz nugu menen otup jatat~orustar menen turktor da ushakshi birin biri chukulamai kalk kelet~
12.08.2017. 11:44 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
туркторго караганда орустар коп жардам берет негизи

14.08.2017. 02:08 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
Турктордо оздорундо илгертен турлуу орулар бар дагы оорунун турлору ото коп болгон исторический кинолорун корсонор байкайсынар
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: