super.kg logo

Жактоочулар сот Текебаев менен Чотоновду ачка калтырганын айтышты

 

Бүгүн, 11-августта Жогорку Кеңештеги “Ата Мекен” фракциясынын лидери Өмүрбек Текебаевдин жана мурдагы элчи Дүйшөнкул Чотоновдун үстүнөн козголгон кылмыш иши боюнча соттук отурумунда жактоочулар жумуш убактысы бүткөнүнө байланыштуу жараянды токтотууну талап кылышты. Бирок сот жарыш сөз бүтүшүн күтөрүн жана отурумду жаппай турганын айтып, жактоочулардын талабын аткаруудан баш тартты.

Жактоочу Искен Афиджанов: “Бул кыйноо, кечээ булар соттон кеч барып кечки тамакты да ичпей калышкан. Бүгүн жумуш убактысы бүттү. Сиздин ушул аракетиңизден бул иш саясий процесс экенин көрүп жатабыз”, - деп сотко кайрылды.

Башка жактоочу Канат Хасанов Эмгек кодексине ылайык сот процессине катышып жаткан бардык тараптардын укугун тебелеп жатканын айтты. “Сиз бул жерде бардык тараптын укуктарын бузуп жатасыз, жоокерлер залдагы адамдардын баары жумуш убактысынан тышкары бул жерде отурууга аргасыз болуп жатат. Эмгек кодексине ылайык, жумуш убактысы саат 18:00дө бүтөт”, - деди Хасанов.

Жактоочу Чынара Жакупбекова Текебаев саат 18:00дө дары-дармек ичиши керектигин айтып, дарылар тергөө абагында калганын белгиледи. Мындан улам ал сотту токтотуу керектигин айтты.

Бир канча талаш-тартыштан кийин сот бир саат тыныгуу жарыялап айыпталуучу Чотонов менен Текебаевге кечки тамакка барып келүүсүнө убакыт берди. Соттук отурум кечки саат 19:30да уланмай болду.

Эскерте кетсек, 2017-жылдын 25-февралында Кыргыз Республикасынын Башкы прокуратурасы тарабынан "Ата Мекен" фракциясынын лидери Өмүрбек Текебаевге "коррупция" жана "алдамчылык" беренелери боюнча кылмыш иши козголуп, ошол эле күнү УКМКнын Тергөө башкармалыгына өткөрүлүп берилген. 26-февралда козголгон кылмыш ишинин алкагында Текебаев менен Чотонов камалган.

Башкы көзөмөл органдын маалыматы боюнча аларга орусиялык ишкер Леонид Маевскийдин арызынын негизинде иш козголгон. Маевский өз арызында Текебаев "Мегаком" иши боюнча 1 миллион доллар алып, аны кайтарбай койгонун айткан.

Прокурор соттон Өмүрбек Текебаевди 10 жылга, Дүйшөнкул Чотоновду 8 жылга эркинен ажыратууну сураган.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг -2 
Комментарийлер(4)
11.08.2017. 19:17 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Эптеп септеп шашылып камап салайын деп жатканго.Акталсын эми.
11.08.2017. 19:27 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+6
Бул кетиште ак экенин далилдеп турса да сот 10 жыл же 8 жылды бергени калды көрүнөт. Буйрукту бир кынтыксыз аткарып атканы көрүнүп турат.
11.08.2017. 19:30 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
Бир жолу ачкачылык жарыялап таштасын.
12.08.2017. 02:04 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
Атамбаев да кетет быйыл буюрса,эмнеге дегенде 61 жашка чыкты быйыл.Карагыла Акаев 61 жашынде кетти президенттиктен.Бакиев кетти 61 жашында,Роза Исаковна кетти 61 жашында.Эми Алмазбек брат кетиш керек каалаган жагына.Эгерде Сооронбай Жээнбеков президент болсо 2019 жылы кетет экен.Себеби 2019 61 жашка чыгат.2 жыл эле иштеп кайыйт окшойт анда Сокебиз да.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: