super.kg logo

Орусиялык телеалпаруучу түз эфирде сүйүктүүсүнүн колун сурады

 

Орусиянын "Звезда" телеканалынын алып баруучусу Денис Кочанов түз эфир учурунда сүйүктүүсүнүн колун сурады. Бул тууралуу аталган телеканал твиттердеги баракчасына жарыялагандыгын жергиликтүү маалымат булактары жазууда.

Журналисттин айтымында, жакшы жаңылыктар аз болуп жатат. Ошол себептен ал мындай позитивдүү учурду жаңылыктардын түз эфирдеги чыгарылышына кошууну туура көргөн. Ал мындай чечимди көрүүчүлөр да колдойт деп ишенген. Түз эфирдеги чыгарылыштын соңунда диктор ордунан туруп, студиянын ортосуна чыгып чөнтөгүнөн кызыл кутучаны алып чыккан.

"Бүгүн түз эфирде, бүтүндөй калк көрүп жатканда мен сүйгөн кызымдын колун сурагым келет. Ал азыр мени көрүп жатат. Степанова Маргарита, сен мага турмушка чыгасыңбы? Жооп күтөм, сен "ооба" дейсиң деп үмүттөнөм?", - деген Кочанов тизелеп отуруп, кутучадагы шакекти камераны көздөй сунуп.

Маргарита Instagram'дагы баракчасына "Ал түз эфирде менин колумду сурады!!! Албетте мен "Ооба" деп жооп берем", - деп жазган.

Алып баруучунун бул чечими интернетте түрдүү пикирлерди жаратууда. Көрүүчүлөрдүн бири "Жаңылыктар бул жаңылыктарды угуу үчүн болуш керек. Ар кандай тамашалардын кереги жок", - деген оюн жазган.

Бирок сүйүшкөндөргө бакыт тилеген колдонуучулардын саны арбын.






Диктор түз эфир учурунда сүйүктүүсүнүн колун сурады

 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(8)
12.08.2017. 09:47 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Болбогон эле нерсе
12.08.2017. 10:29 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
...
mikoo түзөттү 2017-08-12 10:58:01
12.08.2017. 10:56 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+6
Жакшы бирок орус ойундагысын кылат деп бекер айтпаса керек ушул колун сураганга тушунбойм бирге жашап журушот даже кебирлери балалуу болуп калсада мага предложение кылбады деп аны туурап биздикилерда ушинтип баштады
12.08.2017. 10:58 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
aerforce,озу билет да ар ким
12.08.2017. 12:36 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
aerforce, туура айтасыз биздикилер батыш олколорун туурап жатышат. Озубуздун илгертеден бери келе жаткан ата-бабаларыбыздын салттарын колдонушубуз керек жана унутпай улап кетишибиз керекда.
12.08.2017. 14:48 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Ошондой кылып сурай турганга татыктуу кыз экен, суп сулуу менин табитимдеги кыздардан экен эхх Бир кем дунуйо((
Медиа-портал
12.08.2017. 16:50 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Охоооо.эррркек!!!
12.08.2017. 19:53 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Буларга ар нерсе жараша берет , биз аларды турайбыз деп эки эсе ашырып , жыйынтыгында уятка калабыз .Ошондуктан ар бир улут оз менталитетти менен жашаганы дурус .Болушунча таза ,илим билимдуу , калыстыкты туу туткан , адамкерчиликтуу , барга коппой , жокко чокпой , бар болсо коро албай , жок болсо бере албаган инсандардан болбой жашасак ,бизден откон жакшы инсан болбойт деп ойлоймун..
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: