Түз эфирдеги талкууда өзбекстандык депутат аялдын көз кысуусу жергиликтүүлөрдүн кыжырын келтирди
Социалдык тармактардын колдонуучулары Өзбекстандын депутат аялын сынга алууда. Буга себеп анын телеберүү учурунда өзүнүн партиялашына көз кысуусу болгон.
Жергиликтүү маалымат булактарынын маалыматына ылайык, түз эфирдеги талкууга Өзбекстан парламентинин "Миллий тикланиш" жана "Адолат" партиясынын депутаттары чакырылган.
Телеберүүдө Бухара облусундагы Чашмаи-Аюб мавзолейинен уурдалган буюмдар жөнүндө талкуу кызуу жүрүп жаткан. Депутаттардын дарегине "Бухара облустук кеңешинин депутаттарынын ролу кандай, парламенттин көзөмөлүнүн натыйжасы кайда?", - деген суроо болгон.
"Бар, бар, ролу бар", - деп жооп кайтаруу менен Олий Мажлисанын депутаты Дилфуза Жалилова жанындагы партиялаш депутатка көзүн кыскан.
Интернетке бул видео тез арада жайылып, депутат аялдын бул жоругу өзбекстандыктардын кыжырын келтирди.
Көпчүлүгү анын көз кысуусу - сөзү жасалган иш менен дал келбей тургандыгын билдирет деп тыянак чыгарууда. "Бул калп айтуунун белгиси", - деп жазышкан көпчүлүк интернет колдонуучулар.
Өзбекстандык депутат аял кимге көз кысты?














1 |