ЖЫЛНААМА, 12-АВГУСТ: Түштүк кореялык белгилүү актёр, ырчы Пак Ён Ха көзү тирүү болгондо 40 жашка толмок



Актёрду акыркы сапарга узатуу зыйнаты

"Кыш сонатасы" тасмасынан кадр
Бүгүн, 12-августта белгилүү түштүк кореялык актёр, ырчы Пак Ён Ха көзү тирүү болгондо 40 жашка толмок. Актёр 2010-жылы 32 жашында бул жарык дүйнө менен коштошкон. Аны өз үйүнөн уюлдук телефондун ток өткөргүч зымына асылган денесин апасы тапкан. Ал эми Пак Ён Ха тартылып жаткан “Сүйүү ыры” тасмасы баш каармансыз калган.
Анын жүзү көрүүчүлөргө “Кыш сонатасы” сериалындагы Санхёктун ролунан улам таанымал болгон. Ал эми Азия өлкөлөрүндө ал актёр гана эмес, мыкты ырчы катары белгилүү, өзгөчө Японияда абдан абройлуу эле. “Ва-Банк” (“Тагдыр оюну”), “Кыш сонатасы” сериалдарындагы саундтректерди жазган.
Пак Ён Ха 1977-жылы 12-августта туулуп, Чунан университетинин театр факультетин бүтүргөн. 1995-жылы “Сүйүү класстан башталат” фильмине алгачкы жолу тартылып, актёрлук кесиптин даамын таткан. Бул тасманы улай “Үмүттүн ыры”, “Кайра-кайра карап”, “Кар бүртүгү”, “Сүйүүдөн да улуу” сериалдарында роль аткарып, белгилүү болгон.
Актёрго атак алып келген “Кыш сонатасы” сериалы 2002-жылы тартылып, түштүк кореялыктарга көрсөтүлгөн. Андан ары сериал бүткүл Азия өлкөлөрүнө сатылып, актёр Японияга барып ырчылык дареметин сынап көрүүнү чечет. Ал жактан 2008-жылы “Абада” жана 2009-жылы “Бир адамдын тарыхы” деген хит кинолорго тартылып, ал өлкөдө атактуулугу өсөт. Негизинен аны эл Япония менен Түштүк Кореянын достугун бекемдеген инсан катары баалашкан.
“Ва-Банк” (“Тагдыр оюну”) сериалындагы “Бир гана кечээки күн үчүн” ырын дал ушул Пак аткарган. Ырчылык карьерасында Японияда бир нече альбом чыгарып, Корея менен күн чыгыш өлкөсүндө аншлаг менен концерт бергенге жетишкен. 2008-жылы “Абада” сериалынын саундтреги болгон “Сүйүү үчүн” ыры япон чартында 3-орундан ылдый түшпөй, ал эми 2008-жылы чыккан “Сүйүү” деп аталган ыр жыйнагы эң мыкты альбом болуп табылган.
12-августтун жылнаамасы.
Кореялык ырчы жана актёр Пак Ён Ханын элесине арналат
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
Рейтинг:
0

Комментарийлер(3)
Shaa-82

12.08.2017. 11:02
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Кыш сонатасы сериалында жакшы ойногон эле. Чырымы жаш корунот экен.
altynaiB

12.08.2017. 13:51
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Ваай ушу бала отуп кеткен турбайбы кыш сонатасынан кийин айылдын бардык кыздары суйуп калышкан эле.
AKCAHAT

12.08.2017. 14:46
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Асылып олгонбу кызык, башка СМИлерден авариядан улам деп айтып журушту эле
1 |
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.