super.kg logo

ЖЫЛНААМА, 12-АВГУСТ: "Туулган күнүмдө апамды куттуктачу элем, быйыл чалган жокмун..." дейт Роза Шакирова

 

Бүгүн, 12-августта ырчы Роза Шакирова 39 жашка толду. Ырчыга чалып, өздүк майрамы менен куттуктаганыбызда SUPER.KG порталына ыраазычылыгын билдирип, туулган күнү жакшы маанайда башталганын айтты.

"Бүгүн эң биринчи болуп Жалал-Абаддан күйөрманым чалып, туулган күнүм менен куттуктады. Жолдошум менен уулум таң атпай гүл берип маанайымды көтөрүшсө, тааныш дизайнер эже көйнөк тигип белекке бермей болду. Туулган күнгө көп деле маани бербейм, бирок бул күнү эркелегим келет. Жыл сайын өздүк майрамымда апамды куттуктачу элем, быйыл чалган жокмун..", - деди ал ойлуу.

Белгилей кетсек, Роза Шакирова 1978-жылы 12-августта Баткен облусуна караштуу Айдаркен шаарчасында жарык дүйнөгө келген. 1995-жылы музыкалык орто окуу жайдын кларнетте ойноо жагына тапшырган. Кийин Улуттук консерваториянын опера бөлүмүнө тапшырып, 5-курсунан тартып "Туңгуч" театры менен чогуу гастролдорго чыгып, иштей баштаган. Ырчы көпчүлүккө "Карабачы", "Үйлөнүү той", "Алдым ыйлап" жана башка ырлары менен белгилүү болгон.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(3)
12.08.2017. 14:29 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+5
Куттуктайбыз Роза эже!!!
Уй-булолук бакыт, бар болунуз!
12.08.2017. 15:53 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-3
Апасы менен таарынышып калганбы?
12.08.2017. 15:56 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
апасы отуп кеткен, Туулган кунунуз кут болсун, коп жашаныз!!!
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: